Акыркы кабарлар
» Саясат » Чуштуковдун дарамети канча айга жетет? “Адашкан кадрлар” арбыды
Чуштуковдун дарамети канча айга жетет? “Адашкан кадрлар” арбыды
30-март, 22:14


Финполдун иши эффективдүү болбой, мамлекеттик мекеме катары жарактан чыгып, жоюлуп кеткен. Мына ошол системадан чыккан Жолдошбек Чуштуков Бишкек шаарынын Октябрь районунун акимине дайындалды. Буга чейин аткаруу, муниципалитет кызматтарына күч органдарынан кадрлар келишип, жарытып деле жиберишкен эмес. Жасалма эксперимент жарабасын көрдүк. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген накыл кеп бар. Тилекке каршы, учурда тажрыйбалуу адистер жетишпей, аргасыздан “адашкан жетекчилерге” күнүбүз түшүп атабы? Бул боюнча коомчулукта сын-пикирлер арбын айтылууда. Жыйынтыгында, Жолдошбек Чуштуков канча ай иштейт болду экен? Шайлоо да жакындап келатат...











