Акыркы кабарлар
» Саясат » Жеңишбек Токторбаевди камаганга Дамирбек Исаковдун духу жетпейби?
Жеңишбек Токторбаевди камаганга Дамирбек Исаковдун духу жетпейби?
28-март, 22:30


Мэр Жанар Акаев эл менен жыйын өткөрсө, негизги көйгөй катары Жеңишбек Токторбаевдин былык-чылыктары көтөрүлдү. Ошол жерде Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков да отурду. Мыйзамсыз иштерди коомчулук канча күндөн бери сайрап, арыз-армандары Кудайга жетип жатса, бул эргул чара колдонбойбу? Милициянын кадыр-баркын ушинтип түшүрөбү? Ооба, Жеңишбек Токторбаев коррупцияны, алдамчылыкты, зордук-зомбулукту “гүлдөткөнүн” элдин баары айтышып, президентке чейин кайрылышууда. Мындай терс көрүнүштөрдүн баары Ош шаарында болсо, а жердин башкы милициясы Дамирбек Исаков каякты карап отурат? Айтор, бул жетекчи бычакка сап болбой калды окшойт. Ош ШИИБге идиректүү, күчтүү кадрды алып барып дайындабаса, абал оңолбойт го. Шайлоо да жакындап келатат...











