Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Быйыл Россиядан 15 миңден ашык миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Быйыл Россиядан 15 миңден ашык миллионер чыгып кетиши мүмкүн

14-июнь, 11:43
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл байлыгы 1 миллион доллардан көп 15 миңден ашык адам Россиядан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай божомолду дүйнөлүк экономикалык миграцияны изилдөө боюнча “Henley&Partners” агенттиги билдирди.

“Россия миллионерлерин жоготуп жатат. Акыркы он жылда бай адамдар Россиядан жыл сайын эмиграция болууда” деди изилдөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс.

Россиялыктар үчүн АКШ жана Британия жер которууга бир топ ыңгайлуу экени, бирок бул мамлекеттерде алардын байлыгынын мыйзамдуулугу боюнча суроо жаралышы мүмкүн экени айтылды. Бай адамдардын эмиграцияга кетиши үчүн Бириккен Араб Эмираты эң жагымдуу өлкө болгон.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, жыл аягына чейин согуштун кесепетинен Украинадан 2800дөй миллионер кетиши мүмкүн – бул миллион байлыгы бар бардык жарандардын 42%ын түзөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер