Акыркы кабарлар
» Саясат » Жалалидин Нурбаев менен Өмүрбек Бакировдин деңгээлдери билинип калганда
Жалалидин Нурбаев менен Өмүрбек Бакировдин деңгээлдери билинип калганда
23-май, 14:54


Жаңжалдуу Жалалидин Нурбаев Араван районундагы былыктары чыккандан кийин коомчулукка тааныла түшкөн. Өз көмөчүнө күл тарткан, жакындары менен жармач кызыкчылыктарды көздөгөндөрү ачыкталып... Жакында Араванга Өмүрбек Бакиров баштаган бир катар депутаттар барышып, эл менен сүйлөшө алышпай, кер-мур айтышкан видео тараган. Көрсө, Ош облусунун губернатору Данияр Жаныкуловду “жыгуу”, упай алуу таризинде уюшкандарынан майнап чыкпаптыр. Карапайым калк депутаттардын сөздөрүнө канааттанбай, залдан чыгып кетишкен. Ошондо Өмүрбек Бакировдун, Жалалидин Нурбаевдин деңгээлдери тараза ташына коюлуп, уят болуп калышты да. Ушинтип бара-бара кимдин ким экени билинет тура...
"Азия Ньюс" гезити











