Акыркы кабарлар
» Саясат » Казакстан, Өзбекстан менен чек аралар жабылбаса, абал оорлошот
Казакстан, Өзбекстан менен чек аралар жабылбаса, абал оорлошот
17-март, 16:40

Коронавируска чалдыккандар Казакстанда 27 адамга жеткени расмий айтылды. Дагы каттала элеги канча? Ал эми Өзбекстанда да бул дарт күчөп баратат. Азырынча Кыргызстанда ооругандар айтыла элек. Экономикалык, соода-сатык байланыштардан да жарандарыбыздын ден соолугу, өмүрү баалуу. Андыктан, Казакстан, Өзбекстан менен чек ара байланыштарды өкмөт жабуусу керек. Себеби, күнүгө жүз миңдеген адамдар эки өлкөдөн кирип чыгууда. Мындай шартта Кыргызстанга да коронавирустун жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан, бийлик арканды алыс ыргытып, чечкиндүү кадамга барышы шарт. Эртең кеч болуп калбасын! Учурда дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер элин коргоо үчүн чек араларын жаап атышат. Себеби, өмүрдөн кымбат байлык жок!
Aryba.kg