Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңишбек Токторбаев менен Баатырбек Жантаев пиар кылуу жагынан тирешкенде

Жеңишбек Токторбаев менен Баатырбек Жантаев пиар кылуу жагынан тирешкенде

07-октябрь, 18:23
3 266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдөгү дээрлик губернатор, мэр, акимдер өздөрүн алды-артынан видеого тарттырууну, сүрөт чыгарууну, көкөлөтө чагылдырууну токтотушкан. Бир гана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен Балыкчы калаасынын башчысы Баатырбек Жантаев калды. Экөө тирешип жаткандай. Мындай карасаң күнүмдүк эле жумуштарды айтышып, көчө кыдырышып, бакылдап жүрүшөт. Эми өз милдеттерин даңаза кылбай эле жасашса болбойбу? Акыркы убактарда баам салдык. Жеңишбек Токторбаев менен Баатырбек Жантаев бири-биринен өтүп, жаңы жарнама идеялары менен алпурушуп калышкандай. Кимиси кыйын экен? Албетте, эл баа берет. Негизи салмактуу кадрлар, алысты көрө билгендер утурумдук, жеңил-желпи пиардан бийик турушат эмеспи. А булардын “таз кейпин” көрүп атасыңар да...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер