Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көйгөй жараткан мэр Айбек Жунушалиевден качан арылабыз?

Көйгөй жараткан мэр Айбек Жунушалиевден качан арылабыз?

04-октябрь, 16:04
511 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Иш жүзүндө бийликтин рейтингин көтөрө турган аткаминерлер эмеспи. Элге ыңгайлуу шарт түзүү менен милдеттерин так, жоопкерчиликте аткарышса, оң баа берилмекчи. Тилекке каршы, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңүүдө...

Бишкек шаарынын тургундары мэр Айбек Жунушалиевден өнүгүүнү, инвестиция тартууну, же кандайдыр бир ачылыштарды сурап жаткан жери жок. Эң башкы көйгөй – жол тыгындарын азайтууну гана айтышууда. Эл каникулда, эс алууда жүргөн жай мезгилинде көчөлөрдү тездикте, сапаттуулук менен асфальт төшөсө болбойт беле? (Ал учурда деле иштер жүрүп атты, бирок жай ыргакта, шалаакылык маанисинде го?). Аныгында, сентябрь айы башталгандан бери жолдордун оңдоп-түзөө машакаты бүтпөй, автоунаа айдагандарга, транспорт жүргүнчүлөрүнө ыңгайсыздык жаратууда. Тургундарыбыз бир-эки сааттап тыгында калган учурлары арбыды. Бул боюнча коомчулукта, соцтармактарда сын-пикирлер мөндүрдөй жаап, Айбек Жунушалиевди каарыгандар көбөйдү. Кыйын кырдаалдан кантип чыгуу керек? “Кадрлар баарын чечет” дегендей, бир айласын табышсын да...

Ансыз да Бишкек шаарында жалпы абал көңүл жылытарлык эмес. Акыр-чикирлер убагында тазаланбай додолонуп кеткени, тротуарларда, парктарда самокат, велосипед, скутер тепкендер жөө жүргүнчүлөрдү уруп кетишкени боюнча арыз-даттануулар арбын. Бирок натыйжалуу реакция жасалбайт. Кыскасы, кай тарапты караба, баягы эле эски көйгөйлөр. Өнүгүүнү, өзгөрүүнү, жаңы заманды көрүү кыяматтай эле сезилгенсийт...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер