Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Бийлик бизди укпаса, башка саясый күчтөргө биригебиз...”

Бектур Асанов: “Бийлик бизди укпаса, башка саясый күчтөргө биригебиз...”

22-апрель, 22:38
1 351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, “Бириккен демократиялык кыймылдын” коомдогу майнаптуу аракеттерин көрбөй атабыз го?

-- Менин оюмча, кыймылдын майнаптуу аракеттери болуп атат. “Бириккен демократиялык кыймылы” 7-апрель боюнча “тегерек үстөл” өткөздү. Буга чейинки революциялардын болушуна, кетирген кемчиликтерине толугу менен баа берилди. Коомдо бул боюнча кызуу талкуу жаралды. Андан соң Кумтөр боюнча да жыйын болуп өттү. Биз бул боюнча маанилүү, аябай кеңири маселелерди көтөрүп,  эксперттерди чакырып, Кумтөрдүн оош-кыйыштарына толук токтолдук. Бүгүнкү күндө өкмөт мактанып аткан келишим улуттун да, мамлекеттин да кызыкчылыгына туура келбестигин так, ачык далилдеп бердик. Мындан ары да ушуга окшогон конкреттүү маселелерди көтөрө беребиз. Анын ичинде чек ара маселеси бар. “Казино, кумар оюндарына уруксат беребиз” деп атышат. Ага каршы өз пикирибизди айтабыз. Мындан сырткары, болуп көрбөгөндөй коррупциялык иштер уланууда. “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик ишкана-мекемелерди курганы жатышат. Мунун баары коррупциялашкан, өтө күмөндүү нерселер. Бул боюнча жакын арада өзүбүздүн пикирибизди билдиребиз. 

-- Сиздердин кыймылды конструктивдүү оппозиция катары эсептесек болобу?

-- Ооба, өзүбүздү конструктивдүү оппозиция деп эсептейбиз. Себеби, айтып аткан сын-пикирлерибиз, сунуштарыбызга бийлик сөзсүз түрдө жооп берет деп ойлойбуз. Эгерде жооп бербей турган болсо, укпаса, балким дагы башка саясый күчтөр менен биригип, мыйзам чегинде иш аракеттерибизди улантмакчыбыз.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер