“Атамбаевди түрмөгө Соке камап, Садыр чыгарды” деген кеп тарыхта калса жарашат
Абакта Алмазбек Атамбаев үч жылдан бери отурат. Реалдуулуктан алып караганда, күнөөсүнө жараша жазасын деле алды окшойт. Себеби, ал ооруп, акыбалы өтө начар экенин баарыбыз көрүп атабыз. Калыстык үчүн үй камагына чыгарып, дарыланууга шарт түзүлсө не? Камактан каза тапса бийликтин бетине чиркөө эмеспи. Президент Садыр Жапаров айкөлдүк кылып, Алмазбек Атамбаевдин жасаган кыянаттыктарын кечирип койсо деле жарашат. Бийиктигин көргөзсө элибиз да туура кабыл алары айкын. Эгерде экс-президент эркиндикке чыгып алып, Садыр Жапаровго каршы иштей баштаса, анда караламан калк да кабыл албаса керек. Жакшылык кылган адамга жамандык жасалса жарашпайт... Аныгында Атамбаев түрмөдө жата берсе, саясый рейтинги көтөрүлүп, боору ооруган элибиз да көбөйө берет. Акыркы кезде аны талкуулагандар арбыды. Кыргыздын табияты ушундай. Натыйжада, мамлекет башчыбыздын кечире билүүсү маанилүү. “Атамбаевди түрмөгө Соке камап, Садыр чыгарды” деген кеп тарыхта калса жарашат... Туурабы?
"Азия Ньюс" гезити