Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Кой-Таш окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү – Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Өткүрбек Жамшитов, Орозбек Опумбаев!”

Мээрбек Мискенбаев: “Кой-Таш окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү – Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Өткүрбек Жамшитов, Орозбек Опумбаев!”

01-апрель, 19:30
3 201 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек иним, Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды өңдөнөт, ушу боюнча кыскача маалымат берип кетсең? 

-- Кой-Таш окуясы боюнча сотттук иштер үч жылдан бери бир тараптуу тергелип, анын бирден-бир максаты катары Сооронбай Жээнбековдун карамүртөздүгүнөн улам Алмазбек Атамбаевди жок кылуу, анын тарапташтарын түрмөдө чиритүү болчу. А чынында эң негизги жана чыныгы күнөөкөрлөр Сооронбай Жээнбеков, анын кызматтагы жакындары Кашкар Жунушалиев, Өткүрбек Жамшитов, Орозбек Опумбаевдер экенин айтсак болот. Мына ушул адамдар жоопко тартылып, катуу жазаларын алмайынча, Кой-Таш окуясы аягына чыкпайт. Дагы бир канча жылдарга созулуп кете беришине шек жаралбайт.

-- Жакында 7-апрель. Бул күн сен үчүн кандай күн?

-- 7-апрель мен үчүн аябай өкүнүчтүү жана жашоомдогу олуттуу окуя. Эгер мен сыртта туруп, ичинен аралашпай, канчалаган адамдардын каза болгонун, оор жаракат алгандарын көрбөгөн болсом бир жөн эле. Тескерисинче, эгемен элибиз ошол кездеги бийликтин туура эмес кадамдарына каршылык билгизип, көчөгө чыкканбыз. Элдин алдыңкы катарында өзүм жүрдүм. Каргашалуу окуяга айланып, бүгүнкү күндө жабыр тарткандардан 150 адам өлүп, дагы беш жүзгө жакыны катуу жаракат алынганы айтылууда. Аягы барып бийлик алмашылды. Жаңы келген Атамбаевдин бийлиги Апрель окуясынан жабыр тарткандардын баарына көңүл бөлүп, материалдык жардамдарын аяган эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун бийлиги бул ишти уланткандын ордуна бөлүп-жарып, 7-апрель окуясын унутта калтырды. Азыркы бийлик деле бул окуяга сыртын салып тургансыйт. Эртедир-кечтир бул окуяга коомчулук тарых тастыктаган туура баасын берет.

-- Өзүңдүн саламаттыгың кантип атат, таякчан жүргөнүңдү көрүп калдым?

-- Акыбалым дурус. Жакында эле 4-жолу операция кылдырдым. 7-апрелде алган жаракаттын кесепетинен кутула албай жүрөм. Андагы жаракат алган жалгыз эле менин акыбалым ушундайбы десем, көбүнүкү эле ошол. Ок тийген жерлери чирип, жаракаттар улам жаңыланып аткандар бар экен. Азыркы бийлик ушуларга жардам берип, көңүл буруп коюшса жаман болбос эле.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер