Акыркы кабарлар
» Саясат » Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан кетти
Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан кетти
23-февраль, 11:25

Теңгиз Аяпберген уулу Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанинин» убактылуу тышкы менеджеринин милдетин аткаруудан бошотулду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Тийешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясын «Кумтөр Колд Компанинин» убактылуу тышкы башкаруучусу кылып дайындады.