Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чүйлүк, жакшы бала” дейт. Ногойбаев Бишкекти башаламан кылгыча кетпейби?

“Чүйлүк, жакшы бала” дейт. Ногойбаев Бишкекти башаламан кылгыча кетпейби?

25-январь, 09:01
762 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин иштей албай жатканы баарына белгилүү. Бир жылга жакын убакыттан бери эмнени кыйратты? Жөн гана кабинетти кайтарып отурат. Былтыртан бери кол астындагы жетекчилери, кызматкерлери паракорчулук, коррупция боюнча кармалып эле жатышат. Эч кандай баа берилбейт. Борбор шаардын башкы тартип көзөмөлдөөчүсү катары Ногойбаев алдын ала профилактикалык иштерди жасабаганы, кылмыштуулук менен күрөшө албаганы, милициянын кадырын түшүргөнү өкүндүрүп келет... Башта жолго салынып калган система иштеп атат да. Жаңыча идея, демилгени көрө албайсың. Күн өтсө болду, көптүн бири катары арбайын согууда. Эмне үчүн профессионал жетекчини Бишкек ШИИБге дайындашпайт? Сөзсүз эле Бурулай, Айзададай кыздар кордолуп өлтүрүлгөндө эсибизге келебизби? Же жогорку жетекчиликтерге ушундай кашаң кадр жагабы? Түшүнбөйсүң! Ногойбаевдин жетишкендиги эмне дейсизби? “Чүйлүк, жакшы бала” деген “критерийи” бар экен. Хохма да. Борбор шаардын башкы милициясына жердигине же кошоматына эмес, кесипкөйлүгүнө карата дайындалышы керек. Бул жагынан коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жалпы милицияны артка тарткан начальник сөрөйдүн жүзүн ачууга убакыт келди. Эске салсак, Ногойбаев ГУБОПто, Сокулук РИИБде да иштей албай кызматынан айдалган. Кеп кезеги али алдыда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер