Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты
Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты
10-январь, 12:18
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирди, бирок ал канча күн эс аларын тактаган жок.
"Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот" деп жазылган маалыматта.
Кыргызстанда соңку президенттик шайлоо былтыр 10-январда болгон жана анда Садыр Жапаров жеңген. Анын ант берүү аземи 28-январда өткөн.
Садыр Жапаров ушул жылы жайында бир канча жолу Ысык-Көлгө барып көл жээгинде эс алуучулар менен жолугуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен скутер тепкен жана бул коочулукта талкуу жараткан. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров ошол маалдарда кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып-чыкпаганын тактаган эмес.