Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Профсоюздарда акча көп, элдин акчасына митинг кыла беришет”

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Профсоюздарда акча көп, элдин акчасына митинг кыла беришет”

22-февраль, 12:08
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кесиптик кошуундарга байланыштуу чырлуу маселени дайыма көтөрүп келесиз. Жетекчиси иштен алынды эле, Жогорку соттон утуп алып, кайра келип отуруп алды. Профсоюздар уюмунун алдында митинг дагы болуп жатат. Уюмдун айланасындагы чырды кантип токтотуш керек дейсиз?

-- Биздин мамлекет, өкмөт алсыз. Жеп-ичкен, элдин жонун тилип, акча сологондорду тартипке келтире албайбыз. Профсоюздар уюму балдарыбыз эс ала турган сонун лагерлерди коррупциялык жол менен берип ийген, эчен-эчен мүлктөрдү сатып ийген. “Көз карандысыз, бирдиктүү уюмбуз” деген шылтоого таянып, прокуратурага, финполго берсек да кутулуп кетип жатышат. Өкмөт ошонун баарына көз жумуп отурат. Анан албетте, акыры ушундай чууга алып келет да. Бул жеткен шалаакылык. Профсоюздардагы акча элдики. Элдин акчасын элдин өзүнүн пайдалануусуна коюш керек го. 

Пансионаттар профсоюздун менчиги эмес, мамлекет берген, союздан бери келаткан мүлк. Жалал-Абад, Ысык-Ата, Чолпон-Ата эс алуу үйлөрү азыр мышык ыйлагыдай абалга кептелгенин, “Достук”, “Саякат” кандай жол менен сатылып кеткенин айтып атабыз. Текшерген, көңүл бурган жан жок. 29 кишинин ичинен беш-алтоо айланып-тегеренип келип эле директор болуп алышып, каалагандай сатып жатышат. А булар көзгө сайып көрсөтүп жаткан фактыларга көз жумуп, алсыздыгын көрсөтүп, жең ичинен сүйлөшүп алып, ушул абалга жеткиришти. Профсоюздарда акча көп, элдин акчасына митинг кыла беришет, митинг токтобойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер