Харуки Мураками: “Максатым – "Бир тууган Карамазовдор" чыгарманы жазуу”


-- Мураками-сан, сиз кайсы тамекини жана суусундукту жакшы көрөсүз?
-- Мен азыр тамеки чекпейм, 25 жыл мурун таштагам.
-- Каармандарыңыздын дээрлик бардыгы тамеки чегет, ошондуктан “автор да тамеки тартат окшойт” деген ойго келет экенсиң...
-- Мен "Койлорго аңчылыкты" жазып жатканда тамеки тартчумун. Анан таштадым, кийинки китептеримдеги каармандарымдын арасында тамеки чеккендер да кыйла азайды.
-- "Пинбол 1973" романыңызда баары тамеки чегишет го?..
-- Аны мурда жазгам да... Ал эми ичкиликке келсек, эч чектөө жок.
-- Жеңилинен аласызбы, же күчтүүсүнөнбү?
-- Жок, жок, күчтүүсүн ичпейм, ал мени дароо уктатып салат. Мен күнүгө саат 9-10дордо жатып, уктаар алдында бир аз ичем.
-- Кечиресиз, үйлөнгөнсүзбү?
-- Ооба, отуз беш жыл болду.
-- Ажырашып көрдүңүз беле?
-- Жок.
-- Мен муну сурап жаткан себебим, сиздин каармандарыңыз же бойдок, же ажырашкан, же ажырашууга камданып жаткан болуп чыгат. Мунун себеби эмнеде? Балким, сиз жөн гана китептериңизде башкача жашоону каалап жаткандырсыз?
-- Андай деле эмес. Менин каармандарымдын мага кыйыр түрдө гана тийешеси бар. Алар баяндоодо пайда болуп, андан кийин өз турмушу менен жашашат. Мен айтайын дегеним: баяндоого, дүйнөгө нейтралдуу мамиле кылуу керек. Эгерде жеке мотивдер – аялыңызбы же балдарыңызбы аралаша баштаса, баяндоо бузулат. Ошондуктан, сиз нейтралдуу болуп, бардык нерсеге калыс көз караш менен карашыңыз керек. Мен жазганда ушул позицияны карманам.
-- Сиз китепти жазып жатканда аны ким окуйт деп ойлойсуз?
-- Жок, ойлобойм.
-- Россиядагы сурамжылоолорго караганда, сизди 20 жашка чейинкилер жана 50 жаштан жогоркулар окушат. Орто жаштагылар сизди дээрлик окушпайт экен.
-- Японияда менин окурмандарым көбүнчө 20-30 жаштагылар. Кызыгы, жыйырма беш жыл мурун, мен жаңыдан жазып баштаганда кырдаал ушундай эле болчу. Мен картайдым, бирок окурмандарым картайган жок. Мурда окугандар дагы эле окуп жатышат. Адегенде апасы окуп, анан кызы кошулуп, азыр өз ара китеп жана пикир алмашкан учурлар көп. Жалпысынан алганда, мени кимдер окуй турганын билбейм, бирок, албетте, жаштар окуганы абдан кубандырат. Мен 29 жашымда жаза баштадым, качан бышып-жетилем деп ойлоно берчүмүн. Азыр дагы ойлоном. Бирок, менин китептерим 20-30 жаштагылардын муктаждыктарын канааттандырганына абдан кубанычтамын.
-- Сиз өз чыгармаларыңызды кандай баалайсыз? Эки китебиңизде эгер сиз жогорку адабиятты жана искусствону кааласаңыз, гректерди окуңуз деген окшош ой бар. Демек, сиз чыгармаларыңызды классикалык мааниде адабият деп эсептебейсизби, же азырынча эсептебейсизби?
-- Мен бул тууралуу алгачкы чыгармаларымда жазгам. Ал кезде мен аңгемелерди кантип жазууну али түшүнчү эмесмин. Азыр түшүнөм. "Шамалдын үнүн тыңда" жана "Пинбол 1973" мен үчүн жөн гана калем төшөлтүү, жазуунун алгачкы аракеттери болчу. Ачыгын айтканда, мен аларда эмне жазганымды так эстей албайм. Менин жазуучулук карьерамдын башталышы "Койлорго аңчылык" болду.
-- Сиз жазууну улантууну пландап жатасызбы, же ушул жазгандарым эле жетет дейсизби?
-- Максатым – "Бир тууган Карамазовдор". Мындай чыгарманы жазуу – бул менин максаттарымдын туу чокусу.
-- Анан аны качан жазып баштайсыз? Же эчак эле баштадыңызбы? Же аз-аздан, бөлүктөргө бөлүп жазып жатасызбы?
-- Жок, бул келечектин иши. Аны эң аягында жазам. Мен "Бир тууган Карамазовдорду" алгачкы жолу 14 же 15 жашымда окугам, ошондон бери төрт жолу кайра окудум. Ар бир жолу жыргап, ырахаттанып окугам. Менин оюмча, бул кемчилиги жок, кынтыксыз чыгарма.
-- Достоевскийден тышкары, дагы кайсы орус адабиятын окудуңуз?
-- Баарын окудум. 14 жаштан 20 жашка чейин мен орус адабиятынан башка эч нерсе окуган жокмун.
-- Арасынан сизге эң жакканы?..
-- Достоевскийдин чыгармалары, албетте. "Жиндер" абдан күчтүү чыгарма, бирок "Бир тууган Карамазовдорго" жетпейт.
-- Бирок, Достоевский жапондор үчүн өтө "оор" эмеспи?
-- "Оор" болушу деле мүмкүн, бирок мен дал ушул тереңдиктин деңгээлинде эң мыкты чыгармамды жазгым келет.
(РИА Новостинин кабарчысы Андрей Фесюн менен болгон маектен)











