Полот хан кыргыз элинин даңктуу уулу

Тоолуу көчмөн кыргыз эли далай кылымдарды артка калтырып, кең Азия менен Европанын чөлкөмүндө нечендеген элдер менен согушуп, бирде жеңип, бирде жеңилип, акыры Эне-Сайдан жайлоолорду издеп, талааларды, адыр-тоолорду аралап, аба ырайы мал жайганга, боз үйдө жашаганга ыңгайлуу азыркы Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын бир бөлүгүн ээлеп, сырткы душмандардан коргоп, тукумун улантып, бала-бакырасын сактап, мына үчүнчү миң жылдыкка дейре айрым бизге караганда бир нече эсе көп улуттардан айырмаланып, өз мамлекетин сактап, жер жүзүнө аздыр-көптүр таанылып, жашоо отун улантып келди. Кыргыздын тарыхына, элдик оозеки чыгармачылыгына, каада-салты менен үрп-адатына, меймандостугуна, баатырдыгына таң беришкен тарыхчылар аз сандагы бул элдин өзгөчөлүгүнө сыймыктанышып, иликтөөлөрүн дале улантып жатышат. Элибиздеги жети атаны, уруусун билүү милдети башка калктарда анчейин өнүккөн эмес. Кыргыздын тамырын кармап, жоголуудан сактап турган ушундай кудайым берген касиетке шүгүр дейли.
Кудайым берген ажайып кооз, тоолору бийик, тунук суулары таштан ташка урунуп шаркырап аккан, абасы таза жерди кимдер гана сугун артып, басып алууну эңсебеди дейсиз. Жанаша, тили да, дили да бир кошуналардан тартып, алыскы баскынчылардын көзүн кызартты тоолорубуз. Кыргыз журтубуздун миңдеген жылдарды камтыган тарыхында, анын бейиштей болгон токойлору, кыргыз көлдөрү көпчүлүктү суктандырат. Бул улуу, байыркы элдин негизги өзөгү, устуну болгон кыргыздар нечен оор шарттарда, аба ырайынын сыноолорунан майышпай өтүп, мына бүгүн саны жети миллиондон ашып, планетабыздын чар тарабына аз-аздан жайылып отуру. Жашаган айылы, базары да, мазары да бир, кыз берип, кыз алышкан кошуналар жергебизди көрө алышпаса керек.
Дүйнөлүк тарыхка саресеп салсаңыз, колунда куралы, аскери бар державалар улам сугу артып, жаңы жерлерди, материктерди ээлеп басып алууга, андагы байыркы түпкү аз сандагы калктарды тыптыйпыл кыла кырып, талкалаганын билсеңиз болот. Муну Американын, Африканын, Азиянын аймактарынын ээлениши менен баамдай алабыз. Өзгөчө планетабызда капиталисттик түзүлүштүн орношу менен куралданган өлкөлөр улам жаңы аралдарды, али кишинин буту баспаган тоо арасындагы, деңиз жээгиндеги жапайы адамдарды турук алган жайларынан кууп чыгышып, кен байлыктарын ээлешип, өздөрүн кулга айландырып, жок кылуу ниетинде болушкан. Мындай баскынчы колонизаторлордун катарына Батыш Европадагы бир катар мамлекеттерди, Түркия, Россия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдү да кошууга болот. Өзү адамзатка эки метр эле жер берилет. Биз бир ата, бир энеден тараганбыз. Муну түшүнгүсү келбеген колонизаторлор алтын, күмүш кендерин ээлеп алууга, майда байыркы элдерге өз динин, дилин, тилин таратууга умтулушкан.
Мына байыркы заманды эмес, биз феодалдык доордо жашап өткөн XIX кылымды алып көрөлү, замандаш. Албетте, анда жер жүзүнө ар кыл диндер жайылып, адам өлтүргүч курал-жарактар чыгарылып, өнөр жайы пайда болуп, кишинин руханий дүйнөсүн байытуу үчүн окуу жайлары, элдик музыка, скульптура, театрлар жаралып, прогресске умтула башташкан. Ал эми алыскы тоолордун арасындагы, чөлдөрдүн койнундагы жапайы элдер бир топ артта калышканы ырас. Бирок ошондой шартта да эл арасында билимге умтулушуп, сабатсыздыгы жоюлган, дүйнө таанымы өзгөргөн, башкалар менен баарлашып, өсүүгө умтулгандар да бар эле. Алар биздин элдик оозеки адабиятты, ырлар менен жомокторду, учкул сөздөр менен макал-ылакаптарды, кошокторду жайылтышкан, айрымдарын жазып таберик катары калтырышкан акындар-ырчылар, манасчылар, жомокчулар, сынчылар, баатырлар болушкан. Ошолордун оозунда айтылган “Манас” трилогиясы миллиондон ашык ыр саптары менен ондогон майда эпостор, ашыглык ырлар, легендалар бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Аларда кыргыздын баатырлары, балбандары, аңчылары, сынчылары, жомокчулары, акылмандары чагылдырылган. Ошолордун туу башында кыргыз элин кулчулуктан сактап калган, өз жерин, Ата мекенин коргоого үйрөткөн, ынтымакка, биримдикке чакырган мекенчил улук инсан Полот хан атабыз болгон.
Хандын ысымын татыктуу алып жүргөн, карапайым элдин колдоп кубаттоосуна, ак батасына арзыган, он миңдеген калкты артынан ээрчите алган молдо Исхак Асан уулу 1844-жылы Кокон хандыгынын аймагындагы Маргалан уездинин Жоокесек-Бостон болуштугуна караштуу Охна кыштагында молдо Асан Калыгул уулунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Асан аксакал Маргаландагы Ак медреседе мударис катары өз заманынын билимдүү кишилеринен болгон. Келечекте билимдүү, маданияттуу адамдар керектигин баамдаган Асан молдо уулун өзү иштеген Ак медреседе, анан хандык борбору Кокон шаарындагы абройлуу Түнкатар медресесинде окутат. Ал уулуна ак менен караны, жакшылык менен жамандыкты, адилеттүүлүк менен адилетсиздикти ажыратууну талыкпастан үйрөтөт. Ошону менен бирге уулуна элдин таламын талашуу сыяктуу адамдык асыл сапаттарды калыптандырат. Исхак жакшы билим, таалим-тарбия алып, анан 1867-жылы Сох кыштагынын колтугундагы туугандарыныкында туруп калат. Анан өз айылы Охнага келип, мечитте имамдык кыла баштайт. Кең дүйнөнү таанууну эңсеген молдо Исхак Анжиянга барып, андагы мечиттердин биринде имамдык кылат. Ошону менен бирге турмуштук зарылдыктан улам соода-сатык иштери менен да алектенет. Жумуштар менен Ташкенге барууга да туура келет. Ал жерде курамалык Абдымомун Мухсинбай уулу менен таанышып, чогуу жашап калат. Ар кандай ачылыштарга кызыккан Исхак Ташкенде бир топ жаңылыктарды баамдап, ислам китептерин окуп, ар тараптан аста өсө берет. Абдымомундун Кокон хандыгындагы Алымкул аталык, Мусулманкул тууралуу кызыктуу баяндары аны өзүнө тартып, көз карашын, дүйнө таанымын өзгөртөт.
Кокон хандыгындагы кырдаал, карапайым элдин азап тартып кыйналышы, байлардын өзүм билемдиги, калкты талап-тоношу, баңгизаттары, сойкулук менен алектенип, жалаң байлыкты ойлошу калктын кыжырын кайнатып, нараазылыктарды жарата берген. Кыргызга жээн болгон Кудаяр хан элдин канын соруп, азапка салып бүткөн. Бир топ жерлерде көтөрүлүштөр уюштурулган. Адилеттүүлүктү издешкен кыргыз бийлери хан тукумунан мураскор издей башташкан. 1872-жылы Шер датка баштаган кыргыз бийлери Самарканга келишет. Андагы медреселердин биринде Алим хандын небереси Полотбек имам болуп иштеп жүргөн экен. Бийлер аны Намангенге барып кутлук-сейит, найман урууларынын колдоосу менен хан көтөрүлүп, бийликти колго алуу керектигин сунушташат. Табиятынан карапайым, жакшы тарбия алган, атасынын оор тагдырынан кабардар Полотбек хандыкты башкаруудан баш тартат.
Самаркандан кайтышкан кыргыз бийлери Ташкенге келишип, Абдымомундун үйүнө токтошот. Ошол жерден өңү-түсү Полотбекке абдан окшош, билимдүү, ден соолугу мыкты Исхак менен таанышып, баарлашып калышат. Ал бийлердин сунушуна абдан терең ойлонуп, макул болуп, хандыкты башкарууга аракет кыла баштайт. Натыйжада Мусулманкул кыпчак баштаган кыргыздар Исхакты алып келишип, Чусттагы жоокерлерге кошулушуп, кубаныч менен шаттыкта ак кийизге салышып, хан көтөрүшөт. Ошентип 1873-жылдагы элдик толкундоолор Исхак Асан уулунун жетекчилигинде төрт очокто Аксы, Эки-Суу арасы, Алай жана түштүк-батыш аймактарда же кыргыздар менен кыпчактар жашаган жерлерде кызуу башталган. Кудаяр ханга нараазы болгон калк улам көбөйүп отуруп, элдин толкуну күчөй берет. Абдырахман аптабачы көтөрүлүшчүлөрдү жараштыруу максатында кыргыз кыпчак бийлеринен 40 кишини Кудаяр ханга жөнөтөт. Бирок жини кайнап турган хан тагаларынын башын алууга буйрук берет. Бул окуялар орус падышачылыгынын баскынчылары, жоокерлери, тыңчылары тарабынан даярдалган маалыматтарда жана 1960-жылдарда жарыкка чыккан таланттуу жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл Баатыры, Жогорку Кеңештин депутаты Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романында даана чагылдырылган. Советтик мезгилде аны чыгарууга каршы турушканына карабастан, бул чыгарма дүйнө элдеринин ондогон тилдерине которулуп, замандаштардын китеп текчесинен түшпөгөн чыгармага айланган. Кудаяр хан мыкаачылыгын көрсөтүп, жалаң кыргыздар жана кыпчактар жашашкан айылдарды кырып, өрттөп, аялдардын ичин жарып, Асакеде 270 кишини туткунга алып, казыкка отургузуп өлтүртүп ырахат алган. Алгач хандыкка каршы көтөрүлүш Кудаярдын коркоктугу, жеңилиши менен Орто Азияны акырындап басып, ээлей баштаган колонизатор орус падышачылыгына каршы күрөшкө айланган. Өзү Орто Азияга сугун артышкан Улуу Британия, Түркия, Кытай баскынчыларынан айырмаланып, орус колонизаторлору жергиликтүү калкты киши ордуна көрбөй, бирин экинчисине тукуруп, мыкаачылык менен өлтүрүп, байлыгын алууга умтулганы белгилүү. Полот хан жетектеген калктын аскерий куралдуу күчтөрү өтө жөнөкөй, примитивдүү, жоокерлери даярдыктан өтүшкөн эмес абалда эле. Аларды мыкты даярданышкан, курал-жарагы күчтүү орус баскынчылары аз эле санда болсо да жеңип баса беришкен. “Там айланганча” деген Кокон хандары, аскер башчылары орустарга сатылышып, өз мекенин берип коюшканы белгилүү.
Исхак Асан уулу Полот хан эки жолу хандыкка көтөрүлүп, жүгүртүүгө өз акчасын чыгарган. Вилаеттерди башкарууга өз адамдарын койгон. Кайнатасы Музаффар шааны вазир жана биринчи кеңешчи, анын уулдарынан бирөөсүн паңсад же 500 жоокердин башчысы, экинчисин казыначы кылып дайындаган. Маргалан шаары Полотхандын бийлигин тааныгандан кийин акимдин орду Валихан төрөгө берилген. Абдымомунду биринчи наиб жана башкы аскер башчы, Абдылдабекти Кокон шаарынын беги, Шаамырза датканы Анжиян вилаетине аким, Абдыкапарды Оро-Дөбөгө бек, Баатыр төрөнү Коргон-Дөбөгө бек кызматтарына дайындаган. 1875-жылдын 27-сентябрында Ботокара кыштагында Полот ханды экинчи жолу хан көтөрүшүп, ага ар улуттан турган миңдеген адамдар катышышкан.
Полот хан 1875-жылдын 14-декабрында Кокон шаарына келет. Аны шаардын калкы хан сарайынан Мозанник кыштагына чейин килемдерди төшөп, урмат-сый менен тосуп алышат. Белгилей кетчү жагдай, Полот хандын элдик кыймылын кыргыз-кыпчактардын басымдуу бөлүгү колдоп кубатташып, аскерлеринин саны 80 миңге жеткен. Ошол мезгилдеги орус, өзбек, сарт баскынчыларынын мыкаачылыктарын районубуздан чыгышкан ошол мезгилдеги залкар ырчы-апыздар Молдо Нияз, Туяк Эрназар уулу, Абдимомун Досберди уулу, Анарбай апыз, Абдрахман ырчы жана башкалар калыс чагылдырышып, кыргыз тарыхына баалуу мурас катары калтырышкан. Бир топ чыгармалар советтик доордогу динге каршы атеисттердин айынан өрттөлүп жоголгон. Айрымдары келечекти ойлошкон аталардын аракети менен үйлөрдүн дубалдарынын арасында же алыскы үңкүрлөрдө жашырылып сакталып калган.
1875-жылдын 5-октябрына караган түнү Ханабад кыштагынан чыгып, көпүрөдөн өтүп баратканда Полот хан минген ат жыгылып буту сынат. Сынык улам кыйнап отурганына карабастан, хан душмандары менен согушууну уланта берген. Согуш токтобой, элдик улуттук боштондук кыймылдын баатырлары аргасыздан азыркы Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагын карай, андан ары Алай тарапка ашып кетүү максатында чегинишет. Жакшы куралданышкан Меллер-Закомельскийдин жана капитан Куропаткиндин ротасы саткындардын айынан жайгашкан жери белгилүү болгон Полот хандын жайына 1876-жылдын 28-январында барып талкалашат. Орустар Полот хандын замбиректери менен мылтыктарын, наиби Абдымомундун байрагын жана баардык мүлктөрүн тартып алышат. Молдо Исхак Полот хан Исфайрам дарыясынын жээгиндеги, Чаувай айылынын жогору тарабындагы Гөвзан тоосундагы Ай тийбес жайлоосунун күңгөй бетиндеги 2700 метр бийиктиктеги чоң үңкүргө жашырынып калат. Кийин тобокелчиликке салып, Чоң-Алайды карай Дароот-Коргонго барганда кайнатасы саткынчылык кылып, Кара-Тегиндин беги Раим шаа миңден ашык канкорлору менен аларга каршы кол салат. Аргасыздан Чат капчыгайында баш калкалоого туура келет. Кайрадан Үч-Коргонду карай келген хандын ордун орус колонизаторлоруна Исманор датка деген саткынчы көрсөтүп берген. Натыйжада орус падышасынын басмачыларынын колуна түшкөн Исхак Асан уулу Полот хан 1876-жылдын 1-март күнү миңдеген элдин катышуусу менен Маргалан шаарынын жанында дарга асып өлтүрүлгөн. Анын сөөгү үч күн бою дарда асылып турган. Анан Азыркы Фергана облусунун Ахунбабаев районунун Эшан-Гузар кыштагынын тургундары Халмат Мамадали уулу баштаган азаматтар хандын сөөгүн кайтарышкан орус солдаттарына акча беришип, уурдап келишип, ак кепиндеп жууп, мазардагы алмуруттун түбүнө жашыруун көмүшкөн экен. Советтик мезгилде да хандын сөөгү коюлган жерди орустардын, советтик идеологиянын таасиринен улам ачыкка чыгара алышкан эмес. 1996-жылы алмурут куурап баштаганда Маргалан шаарынын тургуну Тургунжан Максым Даданын өтүнүчү менен Рахманберди баштаган усталар Исхактын күмбөзүн тургузушкан. Бул үчүн маргаландык өзбек ашыналарга чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Эми кошуналар менен мамиле жакшырып, башка заман келип, орустар кайра кетишип, көп окуяларга, тарыхка башкача көз караштар жаралып жатат. Бул жерде элибиздин чыныгы баатыры, улуттук боштондук кыймылдын жетекчиси, Кокон хандыгы менен орус падышачылыгынын эзүүсүнө каршы жалпы элди көтөргөн бабабызды эскерип жүрүүгө жакшы шарт түзүлдү.
Полот хандын ишмердиги, XIX кылымдагы орустардын баскынчылыгы тууралуу архивдерде аябай көп маалыматтар сакталып калган. Кыргыз тарыхчыларынан Т.Кененсариев, Б.Жамгырчинов, К.Үсөнбаев, А.Хасанов, К.Молдокасымов, Ф.Баитова көптөгөн өзбек, орус, тажик, казак аалымдары макалаларын жазышып, китептерин чыгарышкан. Бир көңүл бурчу нерсе, Аман Газиев Бишкек шаарынан 2010-жылы “Пулат-хан” деген китебин орус тилинде чыгарган. Аны аябай кызыгып окуп чыксам, биз урматтаган Полот ханды “самозванец” деп терс мүнөздөп салыптыр. Менимче, бул таптакыр туура эмес. Кыргыз элинин унутулгус мекенчил, даанышман уулуна айланган Исхак Асан уулу Полот хандын ысымы Кадамжай районундагы айыл өкмөтүнө, мектепке, көчөлөргө берилип, эстеликтери орнотулган. Анын 165 жылдыгына арналган илимий конференция Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы гуманитардык институтунда өткөрүлсө, 180 жылдыгына багышталган конференция быйыл май айында Ош мамлекеттик университетинде жогорку деңгээлде белгиленди. Бир топ китептер чыгарылып, макалалар басылып, телеканалдардан чыгылдырылды. Демек, Кадамжайдын гана эмес, жалпы кыргыз элинин сыймыгына айланган, улуттук боштондук, көз карандысыздык үчүн күрөштүн башатында турган атабыздын эмгеги журтубуз жашап турганда унутулбайт деген пикирдемин.