Руслан Акматбек: “Эл күткөн люстрация, жаңылануу маселеси, кадрдык жакшы саясат ишке ашпай атат”
-- Жыл жыйынтыктап отурабыз, саясый иштерибиз өтүп бараткан жылы кандай болду? Келерки жылдан эмнени күтөсүз, ой бөлүшсөңүз?
-- Өткөн жыл өлкөбүз үчүн оор жылдардын бири болду. Себеби, шайлоонун баардык түрлөрүн, референдумду өткөрдүк. Бүтпөгөн саясый процесстердин баарын ишке ашырдык. Эми ушунун баарын бүтүрүп, өлкөбүз бир нукка кириши керек эле. Бирок, тилекке каршы, ызы-чуу менен коштолуп, адилетсиздик болуп, анын аркасынан саясый камоолор да орун алып кетти. Бул өлкөбүз үчүн жакшы эмес. Биз алдыга умтулуп, буттан туруп, түз жолго, өнүгүү жолуна түшүшүбүз керек эле. Бирок ойдогудай болгон жок. Эл күткөн люстрация, жаңылануу маселеси, кадрдык жакшы саясат ишке ашпай атат. Көбүнчө эле утурумдук саясый кызыкчылыктын артынан убакытты уттурдук. Негизинен бийликтин “кызыктуу” (тырмакчанын ичиндеги) чечимдери менен алпурушуп, ошолорду артка кайтаруу менен алектендик. Бийликтегилер бекемделүүгө аракет кылды. Жарандык коом болсо өзүбүздүн эркиндигибизди сактап калып, мамлекеттүүлүктү жоготпоо иштери менен алпурушту. Бул жылды түшүнүксүз башаламан процесстер менен өткөргөндөй болдук.
Жаңы жылдан күтөрүм: парламент маани-маңызын жоготуп алса дагы ичиндеги айрым депутаттар чыныгы парламент экенин эстетип, бийликтин бир беткей иштерине каршы көзөмөлдөө ролун ойнойт (!) деп ишенем. Эл болгондон кийин, мамлекет болгондон соң үмүт менен жашайбыз. Мындан дагы оор мезгилдер өткөн. Үч революцияны баштан кечирдик. Өткөндөн сабак алып, баарыбыз аракет кылып, өнүгүүгө багыт алалы.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити