Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков: “Президент Садыр Жапаровдун креативдүү, заманбап демилгелерин колдойлу”

Жолборс Жоробеков: “Президент Садыр Жапаровдун креативдүү, заманбап демилгелерин колдойлу”

01-январь, 15:22
1 256 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолборс Жоробекович, саясый кармаштарга жык толгон 2021-жыл аяктады. Сиз үчүн бул жыл эмнеси менен эсте калды?

-- Өтө кыска айтканда, президентти алмаштырдык, жаңы Конституцияны кабыл алдык, жаңы парламентти шайладык. Бийликтин табияты өзгөрдү. Бизде эле эмес, дүйнөдө да өзгөрүүлөрдү байкай алдык. Пир туткан Батыш өлкөлөрү өздөрү жинди болуп кетишти (Макрон). Демократиябы, олигархиябы, аристократиябы, авторитардыкпы же тоталитардыкпы, баары чарчады, “элдин турмушу оңолсо эле болгону” деп калдык. Кыргыздарга чынчыл, акыйкат жана ичип-жебеген, өз көмөчүнө күл тартпаган, баардыгына тегиз караган бийлик керек. 

-- Президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын кандай баалайсыз?

-- Алгачкы басыгы жаман эмес. Жакшыны “жакшы” деш керек. Бизде азыр дүңүнөн эле “жаман” дегендер көбөйүп кетти. Ал эле эмес айрымдар бул дүйнөгө жаралып калганына капа. “Бийликтин табияты өзгөрдү” деп жогоруда белгилегендей, азыр баарын президент өз колуна алды. Мурдагы президенттер бирдеме болсо эле премьер-министрди курмандыкка чалып, өздөрү кургак чыгып кетишчү. Азыр андай эмес. Андыктан сабыр кылалы, убакыт берели. Ошол эле учурда конструктивдүү оппозиция болушу да шарт. Алар эби жок курулай сындай бербей, коюлган маселени чечүү жолдорун көрсөтүшсө сонун болот эле. Учурда биз иденттүүлүгүбүздү сактап, Батышка эмес, Чыгышка баш бурганыбыз эффект берет го. Ошол эле капиталисттик, социалисттик, базар экономикасынын жакшы жактарын алып, мамлекетибизди, турмуш тиричилигибизди оңошубуз керек.

-- Өткөн жылы өзүңүз үчүн кандай жаңылыктар болду?

-- Илимий, педагогикалык иштерден башка көп жылдардан бери чогултуп, терип-тепчип жүргөн архивдик материалдардын негизинде “Исхак Раззаков – улуттун улуу инсаны” аттуу китебим жарык көрдү. Коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынды. Кыргыз саясатында 30 жылдан ашуун ичинде да, сыртында аралашып жүргөн адам катары “Кыргызстандын президенттери” деген китеп жазуу оюм бар, ага да материалдар толукталып калды. Аягында айтарым, элге тынчтык керек, “жаман эле жаман” дей берсек артка кетебиз. Ошон үчүн кыргыздын ар бир жараны мамлекет үчүн, өлкө үчүн кандайдыр бир деңгээлде салым кошуп, президенттин креативдүү, заманбап демилгелерин, ойлорун колдойлу, жардам берели. Курулай сын айта турган мезгил эмес. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер