Адил Турдукулов, журналист: “Кыргызстанда жан багуу абдан эле оор”

-- Адил мырза, жакында Молдовага эмне иш боюнча барып келдиң? Кишинёвдо сөз эркиндиги, адам укуктары кандай деңгээлде сакталат экен?
-- Ал жерде эл аралык журналист-иликтөөчүлөр чогулган форум болду. Эркин медиа Кыргызстан, Молдова сыяктуу жарым-жартылай авторитардык мамлекеттерде өзгөчө мааниге ээ. Керек болсо ММКлардын маңызы Батыштагыдан да маанилүү деп ойлойм. Анткени Батыш мамлекеттеринде бийликти көзөмөлдөгөн жетиштүү институттар бар – бул парламенттик оппозиция, күчтүү партиялар, көз карандысыз сот, укук коргоо органдары. Бизде болсо мындай милдеттер көбүнесе журналисттерге жүктөлгөн. Ошондуктан азыр саясый басым журналисттердин башына түштү. Бул кыйын учурда өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да тажрыйба алмашуу, тилектештик маанилүү. Молдова Европага багыт алган мамлекет, ошондуктан Россия тараптан ар кандай шайлоого кийлигишүү орун алса дагы, ЕвроБиримдикке кирүү жолдон кайтпайт. Биз болсо Москванын таасиринен дагы көп убакыт кайта албайт окшойбуз...
-- Кой-Таш иши боюнча Равшан Жээнбеков баш болгон саясатчылар камакка алынышып, айрымдарына пробация жазасы чегерилди. Соттун мындай чечимин кандайча баалайсың?
-- Муну парламенттик, президенттик шайлоонун алдында саясый талааны тазалоонун уландысы катары эсептейм. Атамбаевге да камоо чечими чыкканы – бул 2010-жылдагы Апрель окуясын жана Июнь коогалаңына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөлүү кылуу аракети катары билебизби? Аларга да кылмыш иштери ачылса мен таңгалбайм.
-- Учурда оппозиция калбай калганы менен соцтармактарда бийликке карата орой, ачуу мааниде пикир жазган адамдардын саны көбөйүп баратканы эмнени билдирет?
-- Көпчүлүк катмар соцтармактарда өз оюн айтуудан качышып, белгисиз аккаунттарды ачышып, ошол жерден айтып калышты. Активист, саясатчы, блогерлерди камай беришип, эл өзүн өзү тескеп, самоцензура жаралууда. “Эмне кылсаңар ошо кылгыла” деген көңүл кош мамиле тарап кетти. А мындай нерсе кайдыгерликке негиз берет, мекенчилдик сезимди алсыратат. “Бул көпкө созулбаса экен” деген үмүт менен жашап келе жатабыз.
-- Эл арасындагы кымбатчылыкка нааразы тараптардын үнүн угуп атсаң керек. Өкмөт бул кыйынчылыктан жакын арада чыга алабы?
-- Чын эле жан багуу абдан эле оор. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 2 миллионго жакын адам бир айда 5 миң сом араң табат экен. Бишкек бир жагынан эң кымбат, бирок кирешеси өтө төмөн шаарлардын бири. Капчыкка негизги сокку – ижара. Бишкектин борборундагы бир бөлмөлүү батир 25 миң сомдон 40 миң сомго чейин. Ташкентте болсо батирди мындан жарым баага ижарага аласың. Акыркы эки жылдын ичинде кант дээрлик 30% кымбаттады, эт 20-25%, өсүмдүк майы 50%. Калктын кирешеси төмөн болгону менен Бишкектеги азык-түлүк корзинасы Алматы же Ташкентке караганда кымбат. Теңсиздик да күчөдү. Жарандардын эң бай 20 пайызы өлкөдөгү баардык кирешенин 50%ын алса, эң жакыр 20 пайызы 5%дан азын алат. Конверттеги накталай акчалар, көптөгөн курулуш долбоорлору, мыйзамсыз бизнес, чек арадагы аткезчилик – мунун баары бай катмарды багууда. Бул акча банктар аркылуу өтпөйт, салык салынбайт, бирок жигердүү жумшалат, биринчи кезекте Бишкекте. Бул турак жай, кызмат көрсөтүү жана транспорт рыногун кызытат. Ушулар да теңсиздикти күчөтүп, бейстабилдүүлүктүн булагы болушу ыктымал. Ошондуктан бийлик оппозициянын ичинен “эл душмандарын” издебей, мен айткан көйгөйлөрдү чечса, революциядан иммунитет пайда болот.
-- Россия–Украина согушу жакын арада бүтчүдөй эмес. Ал ортодо Иран–Израиль жаңжалы тутанды... Бул алааматтар Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет?
-- Израилдин Иранга жасаган соккусунан кийин мунайдын баасы тездик менен өсүп жатат. Бул Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өлкө толугу менен күйүүчү майдын импортуна, биринчи кезекте Россиядан, Казакстандан көз каранды. Дүйнөлүк баалардын көтөрүлүшү бензиндин, дизелдин, газдын ички төлөмдөрү кымбаттайт дегенди билдирет, башкача айтканда, логистиканын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жалпы өсүшүнө алып келет. Күйүүчү майдын кымбатташы транспортто, айыл чарбада жана чекене соодада чынжырча инфляцияны сөзсүз шарттайт. Кыргызстандыктар үчүн бул тамак-ашка, коммуналдык кызматтарга, ошондой эле жол кире кымбаттаганын билдирет. Импорттон жогорку көз карандылык жана сомдун туруксуз алмашуу курсу менен эффект тез жүрүп, оор болушу мүмкүн. Калктын эң жакыр катмары өзгөчө катуу кысымга кабылат. Жакынкы Чыгыштагы чатак созула берсе, Кыргызстан инфляциянын жаңы толкунуна туш болуп, улуттук валютанын алсызданышы жана сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Убактылуу чаралар, мисалы, субсидиялар же жеткирүүчүлөр менен келишимдер кыска мөөнөттүү гана натыйжа берет. Бийлик азыртан баштап антикризистик план даярдашы керек, антпесе экономикалык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми саясый жактан алсак, Кыргызстан нейтралдуу позицияны карманганы туура. Биз тынчтыкты көздөгөн мамлекетпиз, ошондуктан баардык маселелер сүйлөшүү жолу аркылуу чечилиш керек деп эсептейм.
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити