Прокурор Мамакеевдин астында жатып калган Нарбаевдин коррупциялык иштери унутулдубу?
Артка кылчаялы. Архитектура тармагындагы коррупциялык ишмердиги боюнча Каныбек Нарбаевге кылмыш иштери козголуп, камалып кетерде эстен тана кулап түшүп, “концерт” койгонун укканбыз. Профессионал прокурор Кубан Мамакеевдин астында талтайып жатканын унутуп койдубу? Дал ошол учурда камакка алынмак, бирок “инфаркт болдум” деп жансоогалап, калп эле жалакайланып атып, анан калса, ортого чоңдорду салуу менен сакталып калганын эшиткенбиз. Эми ушул Каныбек Нарбаев соцтармактан акыл айтып, таза киши катары көрүнүүгө кам урганы кыжырды гана келтирет да. Бул эргул Бакиев, Атамбаев президент болуп турганда кыйла байыган эмеспи, топтогон мүлктөрүн казып чыгышпайбы? “Мыйзамсыз баюу”, коррупциялык кылмыш иштер эскирбейт да. Эмесе, кулак кагышыбыз кургуйга кетпесин!
"Азия Ньюс" гезити