Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көр чукугуч Чолпонбек Абыкеевге коомчулуктун итиркейи келүүдө

Көр чукугуч Чолпонбек Абыкеевге коомчулуктун итиркейи келүүдө

10-июль, 12:50
1 827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик катчылыкка Чолпонбек Абыкеевдин дайындалышы менен бийликтин рейтинги түштү. Өзгөчө интеллигенциянын, дээрлик коомчулуктун итиркейинин келгени, тескери бурулуп кетишкени кандай? “Эшегине жараша тушагы” дегендей кеп...

2007-жылы Абыкеев кандуу бийликтин чачпагын көтөрүп жүрүп, Таластагы Кароол чокуну грузиндер менен каза баштап, арбактардын каарына, элдин каргышына калганы ырас. Иши ойрондолгон! Ал жердеги Манастын сөөгүн казышып, төбө чачты тик тургузганы унутула элек. Акыры Токтайым Үмөталиева, Болот Шер баш болгон аттуу-баштуулар чуу көтөрүшүп, Чолпонбектин чоңдугуна карабай кубалап чыгышканы эсибизде. Эми ушундай улуттук баалуулуктарга каршы чыгып, тебелеп-тепсеп, элибиздин каскагына айланган эргулду кантип мамлекеттик катчы кызматына дайындашты? Өтө өкүнүчтүү! 

Реалдуу турмушта Чолпонбек Абыкеев журналист, редактор да боло алган эмес. Ал жетектеген “Аалам” гезити банкрот катары жабылган. Чала сабат, деңгээли пас жазмакер катары сынга кабылып келгенин кантесиңер? Халтурщик. Жазуучу болуп да жыргатпады. Ойдон чыгарылган мистика менен адабиятты чалчыкта тебелегендей эле образ жараткан. Жазуу стили калыптанган эмес. Билими тайкы, мамлекеттик иштерден, саясаттан өзүн көрсөтө албай, дайыма жагымпоздук менен жан багып келгенин кайда жашырасыңар? Ушундай деңгээлдеги адамга бир мамлекеттин идеологиясын кантип тапшырышты? Марионетка – тактекеден башка эмнеге жарайт? Кошомат кылып жүрүп, жеткен “устуканы” ушул болсо, элдин аң-сезимине өзгөртүү киргизбей эле булгайт го? Кыскасы, бул бийликтин чоң катасы эй! Калыстык үчүн айткылачы, Чолпонбек Абыкеевдин чеке жылыткан иши бар беле? Билбейбиз! Терс каарман катары бүтүндөй өмүр баяны нааразычылык жаратканычы? Адатта мындай кадрдын башкаларга да залакасы тийип, көпкө узабайт эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер