Соке камалып кетүүдөн коркуп, иниси Асылбекке болушпай жатыптыр
Экс-президент макамын убактылуу мыкчып отурган Сооронбай Жээнбеков бир байкуш экен. Бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков камакка алынса, коомчулукка чыгып сөз айтканга жарабады. Жок дегенде билдирүү кыла албады эй! Ушунча да мокок, чечкинсиз болобу? Айтып оозду жыйгыча, артында “калбырлары” боюнча кеп кетти. Кумтөр, ТЭЦ, “Акнет”, радио жыштык ж.б. коррупциялык иштерге илинип калышы мүмкүнбү? Экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев шефине көрсөтмө берсе, басылып жатабы? Сыягы, көшөгө артында көп кызыктар ачылбай, былгып атканы каңкууланууда. Баса, Кой-Таш окуясында жүздөгөн жарандарды жаракат кылганы, УКМК офицери атылганы ж.б. дээрлик мыйзамсыз иштерге бийлик жооп бериши керек эле. Дал ушундай кыңыр иштердин башында Соке отурганы, дагы далайы “жабылуу аяк жабылуу бойдон” турганы эмнеден кабар берет? Коомчулук ак эткенден так эте Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусунан ажырашын, камалышын талап кылууда. Бийлик акыры элдин чечимин угат (!) деген ишеничтебиз.
"Азия Ньюс" гезити