Өкмөт башчылыгына кайсы талапкерлердин аттары аталууда?
Коомдук-саясый кырдаалдын курчуп баратканына себепчи болгон өкмөттү алмаштыруу вазыйпасы күн тартибиндеги маселеге айланып, талапкерлер талкууга алынып атканын эшиттик. Алкомагнат Шакинин жана Курмантай Абдиевдин сунуштары боюнча калаа башчысы Азиз Суракматов премьер-министрлик даражага чоңойсо, ордуна Балбак Түлөбаевди мэр кылышы мүмкүн экен. Дагы бир вариант боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун да аты айтылууда. (Садыр Жапаров түрмөдөн чыкпай калганына байланыштуу көлдүктөрдүн көңүлүн жооткотуу үчүн ушул жагы каралып атабы?) Ал эми олутуу божомолдон алсак, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев да премьер-министр болуп калышы ажеп эмес. Бул фигура жогорку талапкерлерге караганда саясый салмагы бар, уюштургуч, кризис-менеджер катары ишти алып кетет. Ошентип, азырынча өкмөттү алмаштыруу боюнча консультациялар кызуу жүрүп, бирок, бир пикирге толук кандуу келише элек.
Aryba.kg