Нурбек Сыдыгалиев ушунча да ойт берме, кубулма жүздүү болобу?

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бир ай мурда парламентке партиялар аркылуу атсалышууну айтып, туруктуу позициясы бар саясатчыдай көрүнгөн. Азыр болсо Кыргызстан отуз округга бөлүнүп, бир мандаттуу шайлоодон талапкерлер чыгып, эки эркек, бир аял боюнча божурагыны кызык. Ушунча да ойт берме, кубулма жүздүү болобу? Же жогору жактан тапшырма бергенде, аргасыздан кол куушуруп, бийликтин буйругун ырдаган чагыбы? Айтор, түшүнүксүз. Элге үлгү болбой эле күлкүгө калганы таңгалдырат. Мына ушундайлардын айынан парламенттин аброю тебеленип атат го? Эрксизден баш чайкайсың. Мындан ары Нурбек Сыдыгалиевди кандай кабылдайбыз? Таасирдүүнүн астында тыбырап, алсызга чочоңдогонун эстегенде, кайрадан эле таңыркап бүтпөйсүң...
"Азия Ньюс" гезити