Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мариповду “чүлүктөп” алган Бурканов генерел Суваналиев менен тирешип атабы?

Мариповду “чүлүктөп” алган Бурканов генерел Суваналиев менен тирешип атабы?

22-апрель, 14:33
1 439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында Улукбек Марипов Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиевдин жардамчысы болуп жүрүп, агезде Арзыбек Буркановго өкүл бала катары катталып алыптыр. Ошондон тарта карьералык секириги башталганы, бир эсе атасы Асамидин достору аркылуу шыкап, бошоң баласын чоңойтууга белсенет. Жасалма чиновникке айланган Улукбек Марипов канчалык оозу-башын түздөп, каада күтпөсүн, баягы эле жардамчылык психологияда калганы, күнкорлугу байкалып атат го? 

Учурда башкы кеңешчи Арзыбек Буркановдун кабинети премер-министр Улукбек Мариповдун кабылдамасынын жанында. Образдуу айтканда, минип алгандай отурганы аңызга айланды го? Эргулубуз өкмөттү каалагандай калчап атканын “кол ийрисине тарткан” кадрдык саясаттын жүрүшүнөн аңдайбыз. Маселен, Буркановдун жардамчысы Тимур Кожонов учурда Баткен облустук бажы кызматынын начальниги, шопуру Марип болсо Баткен губернатору Өмүрбек Суваналиевдин 1-орун басары. Жакын тууганы Баткен районунун акими. Республикалык байланыш агенттигинин жетекчиси жана Баткендин вице-мэри көздөй туугандары, Баткен милициясынын начальниги бир тууган иниси. 

Албетте, бул Арзыбек Буркановдун кадр саясатына жараткан таасиринин чекеси гана. Мындан ары да маалымат тереңдей бермекчи. Эмне үчүн “серый кардиналга” айланып баратат? Көрсө, айтылуу Икрам Илмиянов аяш авасына издешпей табышып, консультант болуп алган тура. Эми экөө бийликти базардагы касапчылардай эле балталап, “устукандап” сата баштайбы? 

Баса, Татарстанда катталган “Ядран” компаниясы Илмияновго караштуу болсо, бул жагынан көз боёмочулук кылуу иретинде эски жоругун баштап, “Манас” эл аралык аэропортунан көмүскө бизнестерди кылууга ашыккан кербезиби? Дал ушул өңүттөгү соболдун түйүнү чечилиши зарыл.

Ошентип, өкмөт башчы Мариповду “чүлүктөп” алган Бурканов өлкөдөгү кадр саясатын өзү калчап, өзгөчө Баткен облусуна “башкарма” болуп атса, анда ал жердеги генерал-губернатор Суваналиев эмне кылып отурат? Бизде аткаруу бийлигинин ырааттуулугу, дегеле мыйзамдуу башкаруу иштейби? Же “түшүнүк” менен жашап атабызбы?

Сөз соңуна келсек, Арзыбек Бурканов убагында Камчы Көлбаевге каршы арыз жазып, ага кыянаттык иш жасап, кийин кандай жолго түшкөн? Кепти ушул жерден токтото туралы. Дагы улайбыз... 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер