Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Самаев Чүй облусунун губернаторлугун кыялданганда

Урмат Самаев Чүй облусунун губернаторлугун кыялданганда

10-февраль, 17:01
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад облусуна губернатордун орун басары катары барган Урмат Самаевдин амбициясы асмандын башында окшойт. Бул боюнча анын жакындары айтышууда. “Чемпион” аз убакыт гана Жалал-Абадда иштеп, андан соң Чүйгө губернатор болуп келери болжонууда. Алдыдагы президенттик, парламенттик шайлоолордо көчө балдарын топтоп, эриш-аркак таянычка айланабы? Бул жагынан шыктуу, ыктуу экени белгилүү эмеспи. Убагында тарапташтары топтолуп келишип, оппозиционер Өмүрбек Текебаевге кол салышып, жулмалап кетишкен. Бирок азыркы заман башка. “Төшү түктүүгө жолугасың” деген да кеп бар. Айтор, Урмат Самаевдин билим деңгээли анчейин жогору болбосо да, кызматтык карьералык жагынан жолдуу тура. Токмоктун мэри кезинде коррупцияга айыпталып, камалып, бат эле түрмөдөн чыгып, акталууга да жетишти. Азыр Жалал-Абадда жыргап жүрөт. Бул үчүн төбөлдөр да кер-мур айтышканбы? “Шыбыш” тараган... Натыйжада, “Чемпиондун” жүрүш салышын карачы! Келечектеги Сары Өзөн Чүйдүн башчысыбы? 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер