Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдин КМК башчысы Н.Абдиев ар кандай интригалардан алыс турган жигит

ИИМдин КМК башчысы Н.Абдиев ар кандай интригалардан алыс турган жигит

25-декабрь, 14:22
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз тилиндеги сайттардын бирине ИИМдин криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев менен министр Кашкар Жунушалиевдин ортосунда интрига болду дегени эч кандай чындыкка дал келбейт. Ал жерде айтылгандардын баардыгын ИИМдин криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев четке кагып, чындыкка дал келбеген маалымат жарыялангандыгын баса белгиледи. Нурбек Абдиев кыска мөөнөттүү эс алууга үй-бүлөлүк шартына байланыштуу эки күнгө барып келди. Бүгүнкү учурда ал өзүнүн иш бөлмөсүндө жылды жыйынтыктоо багытында иштерине баш-оту менен кирип, иштеп жаткан кези. 

ИИМдин басма сөз кызматы


P.SСайтыбызга “ИИМдин КМК башчысы Абдиев менен министр Жунушалиев жаңжалдашты” деген маалымат чыккан. Биз ачык коомдо жашап аткандан кийин, мамлекеттик чиновниктердин ишмердиги, кыймыл аракеттери туурасында чагылдырып турушубуз керек. Албетте, жогоруда ИИМдин басма сөз кызматы актануу маалыматын жөнөткөндөн соң, калыстык жана эки тараптуулук үчүн алардын да үнүн угузуп коелу. Бирок, ИИМдин КМК башчысы Нурбек Абдиев эмне үчүн өзү интервью бербей, аны “айтты” дедиртип, басма сөз кызматы жооп берүүдө? Шек бар бекен? “Шибегени капка ката албайсың” деген кепти эсибизден чыгарбасак!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер