Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Беш тилде эркин сүйлөгөн модель, медайым Сезим Мураталиева

Беш тилде эркин сүйлөгөн модель, медайым Сезим Мураталиева

16-декабрь, 12:29
1 376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Айчырайлуу кыргыз кыздарынын катарын толуктаган, сулуу жана билимдүү кыздарыбыздын бири Сезим Мураталиевага суроо узаттык.

-- Сезим, өзүңдүн негизги кесибиң кандай?

-- 1996-жылы 27-сентябрда төрөлгөм. Медициналык колледжди аяктагам, кесибим боюнча медайыммын. Жапон, англис, орус, казак, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйм. 

Кыргызстанда эмес, Казакстанда моделдик мектепке 13 жашымдан бара баштагам. Ошол жакта модель болуп эмгектенгем. Үй-бүлөлүк шартыбыз менен Кыргызстанга кайтып келип, 10-11-классты Бишкектен аяктадым. “Бишкек сулуусу”, дагы башка сулуулар сынагына эки ирет катышкам. Ийгиликтер болду.   

-- Жеке жашооң да кызык болуп турат...

-- Азыр турмушка чыгууга пландарым жок. Жогоруда айткандай, алдыга койгон бир топ максаттарым бар. Ошого жетсем, анан көрө жатарбыз да. Азырынча жеке жашоо, жигиттерди ойлоно элекмин.

-- “Бишкектин тең жарымы модель кыздар” дегенге кошуласыңбы?

-- Албетте, клиптерге тартылган фотомодель кыздарыбыз абдан көп. Cулуу кыздарыбыздын көп болгону жаман көрүнүш эмес. Алар да өздөрүнө жаккан иш менен алектенгиси келет. Коомчулукта ордун тапкан мындай сулууларды мен да колдойм.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер