Неля Нуркулова: “Анжеликанын абалы оор, баарыбыз дуба кылалы”


Бул тууралуу ырчы Неля жеке Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди:
“Урматтуу кыргыз элим! Кырсык каш-кабактын ортосунда, ага эч ким кепилдик бере албайт. Өзүңүздөр билгендей, кесиптешибиз Анжелика кырсыкка учурап калды. Бүгүн акыбалын сурап келдик, тилекке каршы, абалы оор. Бул албетте сыноо, бирок ар бир сыноонун аркасында жакшылык бар.
“Дуба – момундун куралы” дейт, ошондуктан жамаат менен Тафрижия салаватын баштадык. Бул салават 4444 жолу окула турган дуба, андыктан, ар бириңиздер чын жүрөгүңүздөр менен окусаңыздар, буюрса Алланын мээрими, каалоосу менен Анжелика жана анын кызынын абалы жакшырат деген үмүттөбүз. Анжелика бүтүндөй кыргыздын кызы. Андыктан Жаратканымдан ырайым тилеп, дуба кылып коюуңуздарды дагы да өтүнөбүз. Жалпы элимдин, жамааттын дубасы кабыл болсун!” деди ырчы айым.











