Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Сыймык Бейшекеев: “Унааларды токтотуп, жөө жүрөлүбү, кантебиз?”
Сыймык Бейшекеев: “Унааларды токтотуп, жөө жүрөлүбү, кантебиз?”
07-январь, 13:37


Ырчы Сыймык Бейшекеев Бишкек шаарын каптаган ышка тынчсызданып, калаа тургундарын жардамга чакырды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазды.
“Минген унаамдын аба чыпкасы (воздушный фильтр) көөгө толуптур, мурда мотор майын 4-5 жолу алмаштыргандан кийин которчу элем чыпканы, азыр 8 миң чакырымдан кийинки кебетеси адам ыйларлык, бул чакырымдын жарымы айылда, Ысык-Көлдө жүрдү, ошондо 4 миң чакырымда ушундай болуптур, туй ата, байкуш өпкөлөрүбүз тили болсо ашатып эле сөкмөк экен, эмне кылабыз туугандар? Унааларды токтотуп жөө жүрөлүбү, кантип жардам кылабыз шаарга?”, - деген суроо салды ырчы.











