Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова: “Мен элдин кызыгуусундамын жана популярдуумун”

Самара Каримова: “Мен элдин кызыгуусундамын жана популярдуумун”

06-январь, 20:13
3 903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, мукам үндүү ырчы-аткаруучу, театр жана кино актрисасы Самара Каримова «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасында чыгармачылыгындагы жаңылыктары тууралуу жана күйөрмандарынын сын-пикирлерине көз карашын айтып берди.

Өзбек сериалында бизнесвумендин ролун аткарам

-- Дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Элиме жаккан жакшы, канаттуу ырлардан ырдасам деген изги тилегим бар. Соңку жаздырган ырым Роза Алкожанын «До ре» чыгармасы болду. Ошондой эле кытайлык композитор агабыз Эсентур Курманалы мага арнап ата-эне тууралуу сонун бир ыр берип жиберген экен.

Кийинки жаңылыгым болсо, Өзбекстандын 120 сериялуу «Кадырхан» тасмасына тартылып жатам. Чынын айтсам, бул сериалга тартылуу түшүмө да кирген эмес. 2019-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарына жеке концертимди бергем. Ал жерге аталган сериалдын режиссеру да келген экен. Анан өзү байкап жүрүп, Өзбекстандын эл артисти Мирзо Азизов менен жакшы тааныш экенимди билип, мен жөнүндө сураптыр. Бул сериалдагы ролум жөнүндө кыскача айтып кетсем, Кыргызстандагы бизнесвумендин образын жаратам. Анын көптөгөн ишканалары жана жылкы фермалары болот экен. Ушунча жүрүп, ат мингенге такыр убактым болбоптур. Аткарып жаткан ролум өзүмө аябай жакты. Буюрса, сериалга тартылуу иштери февраль айында уланат. Калган бөлүгү ошол мамлекетте тартылат. Кыргызстанда да мыкты сериалдар тартыларына ишенем.

Эң негизгиси, мен жөнүндө сөз болуп турганы жакшы

-- Чыгармачыл адам үчүн дайыма сен жөнүндө сөз болуп турганы жакшы эле көрүнүш. Анткени, кээ бири аракет кылып, «мени айтсын» десе да жыйынтык болбойт. Жаман айткан да, жакшы айткан да күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Бирок, көпчүлүгү дайыма жакшы каалоо-тилегин айтып, батасын берип, алкап турат. Кээде сени билбей туруп эле жаман сөз айткандар, жазгандар да болот. Анан менден тааныштарым «ошондой пикирлерди окуйсуңбу?» деп көп сурашат. Мен атайын аңдып, «кайсы жерде кандай комментарий жазылыптыр?» деп окубайм, анткени, убакыт тар. Азыр жаш кезимде иштеп, тырмактай болсо да кыргыз маданиятына салым кошоюн деп аракеттенип жүрөм. Үч балама татыктуу билим берсем деген кыялым бар. Эл көзүндө болгондон кийин дайыма «хайп» болуу деле жакшы. Демек, мен элдин кызыгуусундамын жана популярдуумун. Шубам жакшы талкуу болсун деп башкы темага коюлган. Эл оозуна жакшы эле алынды окшойт (күлүп).
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер