Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырыс Жоомартова: “Жакындарыма билгизбестен көз жашымды төккөн күндөр көп болду”

Ырыс Жоомартова: “Жакындарыма билгизбестен көз жашымды төккөн күндөр көп болду”

05-январь, 12:19
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Режиссер, актриса Ырыс Жоомартова өткөн жылга карата отчетун социалдык баракчасына бөлүштү.

“2020-жылдын отчёту. 2020-жыл – жанымда жүргөн жакындарыма болгон мамилемди түп-тамыры менен өзгөрттү. Үй-бүлөнү биринчи орунга коюп келем. Ушул жылы уулум Айбек үйлөндү, карантинге карап, токсон киши болсо да токтобостон тоюн өткөрдүк. Мен да кыйналдым, жүрөгүм мыкчылды, өтүп кетип жаткан кыргызымдын мыктыларына боздоп, жаздык кучактап, жакындарыма билгизбестен көз жашымды төккөн күндөр көп болду. Жакындардын, жанымда жалмаңдап жүрүп, жакшылыгымда калп күлүп, сөздөрүнө турбаган, мен ишенген, бирок ишеничимди актабаган курбулардан алыстадым. Алаксыштын айласын издеп, айланамдагы белгилүү инсандар менен эки комедия тартканга, анын бирөөсүн Түркиянын Алания шаарынан, бирөөсүн Ноокаттан тартканга жетиштим. Бейиши болгур Бопуш «Чоң атамдын жоруктары» комедиябызда жараткан ролу – анын кинодогу акыркы ролу экен. Ноокатта «Кайненемден кантип кутулам?» комедиясы тартылды. Март, апрель, май айларында күндө бештен кино көрүп, нан жаап, тамак жасап, үй жыйнап, кир жууп, уулум менен кызыма жакшы сөздөрүмдү арнап, үйдө болдум. Эмнеси болсо да чычкан жылы өттү, кетти. Эми 2021-жыл кыргызым үчүн ден соолуктун, бакыттын, байлыктын жылы болсун!” деп пост бөлүштү режиссер айым.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер