Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Залина Касымова: “Сонун адамдар, көрсө, биз токтолгон кезде жолугат экен”

Залина Касымова: “Сонун адамдар, көрсө, биз токтолгон кезде жолугат экен”

04-январь, 16:37
9 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кылкыякчы кызыбыз Залина Касымова катылган ойлорун баракчасына бөлүштү.

“Кош, 2020... Бул жыл элибиз пандемия менен күрөшүп, адамдын, жакындарыбыздын, досторубуздун баркын билген жыл болду. Башкалардай эле менде да чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Бир нече жылдардан бери кандайдыр бир жакшылык, үй-бүлөмдүн бүтүндүгүн сактап калуу үмүтү менен жашап келе жаткам. Ошол күтүү, ошол чечкинсиздиктин чынжыры үзүлүп, балдарым менен өз жолума түшкөн жыл болду. Артка кылчайып карап, канчалаган кыйын күндөрүмдү эстеп, ошол эле учурда азыркы экиндик, кайратымды, чыйралганымды ойлоп, “бул жыл менин жеке жашоомдун жаңы эшиги ачылган жыл болду” деп айтаар элем. Көптөр аяп карашат, бирок мага бул жакты. “Неге мындан 5 жыл мурда эле ушундай кылбадым экен?” деп кээде өкүнүп кетем. Көрсө, биз, аялдар өзүбүздүн кухняга өзүбүз эле камалып алат турбайбызбы. Ар кимдин көзүн карабай, эркин дем алып, эркин жашоо керек экен. Мен азыр ошондой сезимдерде жашап жатам, жашоону сүйүп жашап атам. Сонун адамдар, көрсө, биз токтолгон кезде жолугат экен. Анан алар да сонун болот экен. Неге буга чейин ар кимден коркуп, шектенип жашадым?” деп көп ойлоном. Көрсө, жашоонун сырлары көп кырдуу болот тура. Сага тоскоол болгон, сени убайымга салган, сенин кадырыңды билбеген адамдар менен ойлонбой эле кош айтышып, өзүңө тең адамыңды, керек болсо өзүңөн артык адамыңды таап алышың керек экен. Кудайга шүгүр, мен азыр эне катары, эки баламдын сүйүктүү апасы катары бактылуумун, кыргыз элимдин өнөр адамы катары бактылуумун, чоңойсом деле ата-энемдин эркеси катары бактылуумун. Анан мени баалаган, жакшы көргөн адамдар канча жылуу сөз айткан сайын, канча гүлдесте сунган сайын ошол бакытым өсүп, чоң бакытка айланып баратканына бактылуумун. Ылайым, 2021-жыл да баарыбыз үчүн аманчылыктын, ийгиликтин жана бакыттын жылы болсун!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер