Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус: Кыргызстан жана дүйнө

Коронавирус: Кыргызстан жана дүйнө

18-декабрь, 11:57
1 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздө дартка чалдыккандар 78 миңден ашты

Кыргызстанда 16-декабрга карата дагы 241 адамдан коронавирус илдети табылып, бир киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан403 адам айыкты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78151 кишиге жукту, алардын 1317си каза болуп, 71270бейтапайыкты. Стационарда 1845 бейтап дарыланууда. Алардын 92си өтө оор, 496сы оор, 1236сы орто абалда жатышат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.


Дүйнө жүзү боюнча 130дан ашуун журналист коронавирус үчүн камалган

«Чек арасыз кабарчылар» уюму 2020-жылы дүйнө жүзү боюнча 130дан ашуун журналист коронавирус пандемиясы тууралуу кабар жазганы үчүн камакка алынганын билдирди. Ошондой эле уюм бул журналисттердин кеминде 14ү дагы деле абакта отурганын белгилейт.

2020-жылдын баяндамасына ылайык, Кытайда 117, Сауд Арабиясында 34, Египетте 30, Вьетнамда 28 жана Сирияда 27 журналист абакта отурат.


АКШда бир күндө 248 миңден ашык адам дартты жуктурган 

АКШда соңку бир күндө коронавирус жуккан адамдардын саны дагы бир жолу эң жогорку чекке жетти. Атап айтканда, шейшембиде оору дагы 248 миңден ашык адамдан аныкталды. Джон Хопкинс университетинин эсебинде, оору жалпысынан 304 миңден көп бейтаптын өмүрүн алып, пандемия башталгандан бери ооругандар 17 миллионго чукулдап калды. Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 73 миллиондон көп кишиге жугуп, 1,6 миллион адам көз жумду.

Шейшембиден тартып АКШнын бардык штаттарындагы медициналык жайларга америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцина жеткириле баштаган. Кошмо штаттардын COVID-19 илдетине каршы жапырт эмдөө программасынын алкагында алгач 150дөй медкызматкерге вакцина сайылды. 

Бул вакцинаны жапырт колдонууга биринчилерден болуп Британия макулдук берген. Андан кийин препаратты Мексика, Сауд Арабиясы, Бахрейн менен Израиль да жактырган. Россия менен Кытай болсо коронавируска каршы өздөрү чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.


COVID-19 оорусу кандай адамдарга жукпайт?

Коронавирус инфекциясынан тубаса коргой турган адамдардын тобу аныкталды. “Генинде белгилүү бир мутация бар болгон адамдар COVID-19 оорусун жуктурушпайт” деп билдирди "РИА Новости".

"Коронавирус дем алуу жолдорунун клеткаларына кирүү үчүн колдонулган "ACE2" протеинин коддогон гендеги полиморфизмдер (мутациялар) вирустун клеткаларга киришин жеңилдетиши же алдын алышы мүмкүн".

Эксперттердин айтымында, генетикалык варианттарды аныктоо менен кимдин COVID-19 оор түрүнө кабылуу коркунучу жогору экендигин жана ким “өз гендери менен корголгонун” билүүгө болот.


Коронавирусту жуктургандар эрте картайышы мүмкүн

Коронавирустун катуу инфекциясы менен ооруган адамдар эрте картайышы мүмкүн. Бул тууралуу россиялык иммунологдор айтып чыгышты.

Алардын айтымында, эгер КВИ адам организминдеги өнөкөт оорулардын өнүгүшүнө салым кошсо, анда ал өмүрдүн узактыгын кыскартышы мүмкүн.

Коронавирус бул – кан тамырлардын системалуу сезгениши. Артериялар адамдын денесинин бардык бөлүктөрүн камтыгандыктан, дененин көпчүлүк органдары кошумча стресстерге кабылып, натыйжада эпидемияны татаалдаштырышы мүмкүн. Бул организмдеги органдардын кан менен камсыз болушун бузуп, функциялардын төмөндөшүнө алып келет. Коронавирус тромбозду, жүрөктүн оорушун жана диабет менен ооругандардын көбөйүшүн шарттайт.

Дарыгерлер ошондой эле жеңил коронавирус өнөкөт эмес оорулар менен ооруган адамдарда эпидемия жогорудагыдай татаалдашпашы мүмкүн экендигин белгилешти. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер