Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелина Джолинин айынан 19 жаштагы кыз 10 жылга соттолду

Анжелина Джолинин айынан 19 жаштагы кыз 10 жылга соттолду

14-декабрь, 12:32
2 895 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Голливуд жылдызы Анджелина Джолиден “зомби көчүрмөсү” үчүн жардам сурап кайрылды. Журналист Масих Алинеджад “Twitter’ге” видео жарыялады. Ал ирандык "Instagram" жылдызы Фатима Хишванд (Сахар Табар аты менен белгилүү) 10 жылга түрмөгө камалат деп маалымдады.

“Мен 19 жаштагы кыз 10 жылга эркинен ажыратылганын билдим. Анын кылмышы – өзүн фотошоп аркылуу Анжелина Джолинин зомби версиясына айландыруу болгон. Ал болгону 19 жашта, Инстаграмда тамашалагысы келген. Эми 10 жыл түрмөдө отурат. Апасы сыздап кызына жардам сурап кайрылууда. Биз аларга жардам бере албайбыз. Сиз, Анжелина Джоли, ал кызга жардам бере аласыз, сиз эл алдында билдирүү жасай аласыз деди өз билдирүүсүндө Алинеджад.

Фатима Хишванд 2019-жылы 5-октябрда Инстаграмда таанылган дагы үч аял менен кошо камакка алынган. Алинеджад кыздын адвокаты менен сүйлөшкөнүн айтты. Анын айтымында, кыз “коомдо коррупцияны жайылткан” деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

(Фатима Хишванддын монтаждалган сүрөтү)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер