Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Коронавирус 149 жолу мутация болуп, эки типке бөлүнүп кеткен
Коронавирус 149 жолу мутация болуп, эки типке бөлүнүп кеткен
05-март, 10:51

Эпидемия башталгандан бери коронавирус 149 жолу мутация болгон жана эки типке бөлүнүп кеткен. Бул тууралуу окумуштуулардын тыянагын National Science Review журналы жазып чыкты.
103 геномду анализдеп чыккан окумуштуулардын маалыматына караганда, Кытайда башталгандан бери Covid-19 коронавирусунда 149 өзгөрүү болгон. Коронавирус жайылып баштагандан бери L жана S деген эки типке бөлүнүп кеткени аныкталган. Адистердин айтымында, L тиби агрессивдүүрөк жана S тибине салыштырмалуу көбүрөөк кездешет. Оору Уханда алгач жайылып баштаганда L тиби көбүрөөк кездешсе, январь айынын башында анын жыштыгы азайып кеткен. Окумуштуулар “адамдардын кийлигишүүсү L тибине күчтүү басым кылган” деп эсептешет.
"Азия Ньюс" гезити