Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тимур Саламатов: “Ыр дүйнөдө “ала жипсиз” жакшы чыгарма жаралбайт”

Тимур Саламатов: “Ыр дүйнөдө “ала жипсиз” жакшы чыгарма жаралбайт”

28-ноябрь, 22:47
1 593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, музыка изилдөөчү Тимур Саламатов агабыз рубрикабыздын коногу болду. “Таланттуу адамдын ар тараптан таланты болот” деген накыл кептин үлгүсү экенин дагы бир ирет далилдеди. 

-- Тимур ага, сиздин үйдө ким кожоюн?

-- Кожоюн бирөө эле болгону жакшы, андыктан, албетте акең, көбүнчө короодо, тышта, ал эми үйдүн ичинде айрым учурларда жеңең жеңип кетет. Каржы маселесинде мурунтан капчыктуу мен болчумун, пенсия курагына жеткенден кийин акырындап жол бошото баштадым. 

-- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калгансыз? 

-- Ой, танышпай коё албайт элем да, өзүм окуткан студент болчу. Анан эле албарсты басып, ал агайынын аялы болуп калды. Эми төрттү төрөп салып, төбөгө чыга калып турган учуру. 

-- Турмушта казан-аяк кагышып турат эмеспи. Ачууга алдырып, байбичеңизге кол көтөргөн учуруңуз болгонбу? 

-- Казан-аяк кагышып, телефондор тебишип калчу мезгилдер болбой койбойт, бирок кол көтөрүп убара болбой эле, агайлыгымды карматып лекция окуп кирем. Аягында суроолорду жаадырам, “эмки сабакка даярданып кел” деп, ал “даярданып” чалкасынан жатып калат. 

-- Эркектерге тийешелүү кайсы жумушту берилип аткарасыз? 

-- Колдон келгендин баарын эле жасайм, темир тешем, жыгач таарыйм, алтургай ширетүүчү, электрик да боло коём, тамактын түрүн жасайм. Даамдуу тамак жасаганга аялымды үйрөтөм. Бул жагынан кээ бир көк ийнени көтүнөн түртө албаган аялдардан ашып түшөм.

-- Мал сойгонду билесизби? 

-- Кыргыз баласы мал сойгонду билбей койбойт го, этти жиликтегенди, устукан чыгарганды кадимкидей жасайм. Эми өзүм чоң ата, кайната болуп, кудага баргандан соң, кайсы устукан кандайча тартыларын, кимге жамбашты, кимге жото жиликти тартаарын билем. 

-- Ичимдикке кандайсыз, кандай мас болосуз? 

-- Эми биз СССР өлкөсүндө өсүп чоңойдук, андыктан “ичкиликтен алысмын” десек жарашпай калат. Ал жагынан жакшы эле опыт бар, далайды жыкканбыз, ичимдик ичкен жагынан “академик” даражасы бар менде. Бирок, акыркы убакта ден соолукту көбүрөөк ойлонуп, өзүм жасаган вино-шарапка өттүм. Болгондо да биздин жерибизде өскөн мөмө-жемиштерден өзүм вино жасайм, анын пайдалуу жагы көп. 

-- Кээ бирөөлөр ырдаса, айрымдар ыйлайт экен, сизчи? 

-- Ыйлагандан ырдаганыбыз артык, андыктан мен кайта-кайта, “болду эми” деген сайын күчөп ырдайм, тиягы опера ариясы, бул жагы романстар, кээде өзүбүздүн күйдүм-сүйдүм секетпайлар... 

-- "Ала жипти" аттагансызбы? 

-- Бул сурооңо акырын жооп берейин, кулагыңа шыбырап. Ыр дүйнөңдө “ала жип” өзүнчө эле бир адреналин да, ансыз жакшы чыгарма, ырлар жаралбайт... 

-- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар? 

-- Бул деле мурун болчу эле, кээде мен, кээде ал дегендей. Мага кемпирим көбүрөөк кызгангандай сезилчү, анткени артисттер менен иштесең эле эл ар кандай ойлой берет. Бирок азыр андай нерсеге орун жок болуп калды. 

-- Бул жашоодо эркектерге сүйүү бир нече жолу келет экен. Сиз дагы кечиккен сүйүүлөргө кабылып көрдүңүзбү? 

-- Менин азыркы жашоом ошол кечиккен сүйүүнүн кесепети, касиети. Ал эле эмес, ар бир ыр жазган сайын, улам бир сүйүүгө кабылып кете бересиң. 

-- Сулуу кыздарга тийишпеген эркекти “жыгач” дешет экен. Сиз “жыгач” эмессизби? 

-- О, Кудай сактасын! Мен чөгүн темир да эмесмин, ал жагынан өткүр болотмун. Тийишмек тургай, “кылычым менен шылып өтөм” да. 

-- Бирөөлөр менен жакалашып, мушташкан учурлар болгонбу? 

-- Ой, жаш кезде андай учурлар болгон да, бирок кийин окутуучулук кесипте, маданият тармагында ар кыл иштерди аткарган үчүн жакалашкандан алыстап кеттик. 

-- Кайсы сапатыңызды кемчилигим деп эсептейсиз? 

-- Эми кемчилик көп эле. Кээ бир нерселерди убагында этибарга албай коюп, убакыттан уттурган учурлар болду. Алган кесипти гана аркалайм деп акчанын артынан куубай, андай мүмкүнчүлүк болсо да, кийин “ка-ап” деп калган күндөр да болду...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер