Гүлзада Рыскулова: “Ашкере кызганчаак эркектер жакпайт”
Ырчы Гүлзада Рыскулова өзү тууралуу кызыктуу фактыларды бөлүштү.
“Мен жөнүндө:
1. Ашкере кызганчаак эркектер жакпайт. "Кызганса сүйөт дегенге" түк ишенбейм.
2. Өтө майда иштерди жактырбайм. Нерв чыдабайт.
3. Мода куубайм, бирок тренд болуп жаткан нерселерге көңүл бурам.
4. Сууну бекер болсо да шаркыратып агызбайм жана агызгандарды жаман көрөм. Башка өлкөлөрдө биздикиндей таза суу жокко эсе.
5. Маанайым жок болсо эч нерсе жасагым келбейт. Кээ бирлер тескерисинче, аябай иш кылышат экен.
6. Бир идея келсе аябай шашып жасайм, айрыкча кийим тиксем. Тамакты бат жасайм.
7. Бирөөнүн сырын ачпайм, эгер башка адам бирөөнүн сырын мага айтса, ал адамга ишеничим кетет. “Менин сырымды жашырат” деп ишене албайм.
8. Жасалмалуулукту колдобойм.
9. Унутчаакмын, адамдардын аттарын эстей албай, көп уят болуп калам. Бул жаман сапат. Кыйын адамдар ысымдарды эч качан унутпайт. Баарына өз аты жагымдуу угулат.
10. Кечиримдүүмүн, турмуш тарбиялады” деп өзү тууралуу фактыларды маалымат берди ырчы айым.
Эскерте кетсек, учурда социалдык тармактарда “өзүм тууралуу 10 факт” деген постторду бөлүшкөн колдонуучулар көп болуп жатат.