Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Бакашова: “Ар кимдин субъективдүү ой пикирлерин түшүнүү менен кабыл алам”

Жылдыз Бакашова: “Ар кимдин субъективдүү ой пикирлерин түшүнүү менен кабыл алам”

31-июль, 12:53
1 934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жылдыз айым, КРУИАда мүчө-корреспонденттик наамга сиздин да талапкерлигиңиз коюлганы жана башка талапкерлер арасында катуу күрөш жүрчүдөй. Ушундан улам сиздин оппоненттер кимдер, талапкерликке татыктууларбы?

-- Саясый күрөштө ар кандай ыплас ыкмалар колдонуларын элдин баары эле билет. Бирок, ошол жаман сапат илимге да аралашып жатканы мени өкүндүрөт. Мен  аспирантурада окуп, К.Артыкбаев, К.Асаналиев, С.Жигитов сыяктуу агайлар ишимди колдоп, профессор А.Садыковдун жетекчилигинде кандидаттык диссертациямды коргоп, дипломду Москванын аттестациялык комиссиясынан алгам. Докторлук ишимди залкар академик Зейнолла Кабдоловдун жетекчилиги менен Алматыдан коргоп, биздин ЖАКтан нострификациядан өткөм. Окумуштуу катары дүйнөнүн 160 шаарында (Кыргызстан, Россия, Казакстан, АКШ, Бельгия, Франция, Кытай, Түркия, Греция, Сингапур, Малайзия, Улуу Британия, Япония, Польша ж.б.) өткөн илимий конференцияларда жана конгресстерде илимий докладдар менен чыгып сүйлөгөм, илимий эмгектерим чет өлкөлөрдө Web of Science, РИНЦ тутумундагы абройлуу илимий журналдарда англис жана орус тилдериндеги жарыяланган. Ошондой эле окуу-усулдук, монография жана бир нече энциклопедияда авторлошмун, жүздөгөн илимий эмгектерим бар, жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай темалардагы 200дөн ашык макалалардын авторумун. Кыргызстанда акыркы эле 15 жылдын ичинде 15 миң 500дөн ашык эл аралык жана республикалык масштабдагы илимий иш-чараларды уюштуруп, докладдар менен чыгып сүйлөгөм.

Менин жетекчилигим менен үч кандидаттык диссертация корголгон, бир докторлук диссертация коргоонун алдында турат, көптөгөн докторлук, кандидаттык диссертациялардын расмий оппоненти болгом.

2003-жылдан тарта 10 жылдан ашык Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин жана Казак улуттук илимдер академиясынын докторлук диссертациялык кеңешинин мүчөсү, 2008-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология илимдери боюнча докторлук диссертацияларын коргоо боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү катары көптөгөн шакирттердин илимий жолун ачканга салым коштум.

20 жылдан бери МАКтын төрайымы катары БМУ, КТУ “Манас”, КРСУ, Кыргыз-Кувейт университеттеринде иштеп келем. Педагогикалык ишимди 1982-жылдан бери, жөнөкөй лаборанттыктан тарта, мугалим, кафедра башчысы, декан, проректор   кызматтарды аркалап, профессор катары лекцияларды окуп келдим.

-- Сизди “мүчө-корреспонденттик наамга татыктуу эмес” дегендей пикир да коомчулукта жок эмес. Тактап айтсак, профессорлук наамды конкурс жарыялангандан кийин алганыңыз айтылууда. Ушу боюнча сиздин ойду уксак дедим эле... 

-- Профессорлук дипломду Улуттук аттестациялык комиссиянын атайын эксперттик чечими менен быйыл алгандыгым чын, баардыгы мыйзам чегинде, эч мыйзам бузулган жок. Эгерде документтерим туура эмес болсо, Улуттук илимдер академиясы кабыл алмак эмес. Документтеримди бул кызматка келгенге чейин эле даярдагам. КР УИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө ачык конкурс жарыяланды, ага анын талаптарына жооп берген жарандардын баардыгы катышканга укуктуу. Бул шайлоодо жашыруун добуш берилет. Азырынча ким өтөт, ким калат – белгисиз. Талапкерлердин баардыгына ийгилик каалайм. Учурда кыйын заманда жашап жатабыз, эң негизгиси журтубузда тынчтык болсун, элибизге ден соолук берсин. Башкасынын баары убактылуу нерселер. Ар кимдин субъективдүү ой пикирлерин түшүнүү менен кабыл алам.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер