Айнура Салахидинова: “Ыйлап туруу да ден соолукка пайдалуу”
Ырчы Айнура Салахидинова ден соолукка пайдалуу кеңештерди бөлүштү.Төмөндө ага көз жүгүртсөңүз болот.
1. Жылуу көк чайды бал менен ичсеңиз мээге пайдасы көп;
2. Тиштериңизди таза кармаңыз;
3. Сабизди уктаар алдында жесеңиз ден соолукка пайда;
4. Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө өтө зыяндуу;
5. Бийалма (айва) ширеси боор оорусун дарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат;
6. Ар кандай ооруну дарылоо ашказанды айрандын сарысы менен жуугандан башталат;
7. Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз;
8. Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат;
9. Адатта кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек;
10. Жатаар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз;
11. Уктаар алдында төмөнкүлөрдү жесе болот: алма, бир кашык бал, бир стакан кефир же бал кошулган бир стакан жылуу сүт;
12. Уйкусу качкан адам бал жаласын;
13. Тез-тез айрандын сарысын ичип туруу кандын булгануу (уремия) оорусунан сактайт;
14. Таранчы жана бөдөнөнүн шорпосу адамды ар тараптан бакубат кылат;
15. Адамдын боору төрт нерсени жакшы көрөт: чийки капуста, быштак, катуу нан, бал;
16. Жайкысын муздак сууга көп жуунуп турсаңыз, жүрөгүңүздүн жана бооруңуздун иштеши жакшырат;
17. Ширин күрүч адамды жашартат, эркектик уруктугун көбөйтөт;
18. Мончодон кийин тишиңизди тазаласаңыз, ал бат агарат;
19. Итмурунду кайнатып, чайдын ордуна ичүү өтө пайдалуу;
20. Дайыма отуруп иштеген адам ар саатта ордунан туруп бассын;
21. Алма адамдын организмине керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат. Күнүнө эки алма жесеңиз жетиштүү болот;
22. Ашказаныңыз ооруп жатканда эртең менен жана уктаар алдында бир кашык дакталган зайтун майын ичүү сунушталат;
23. Кези келгенде орточо ыйлап туруу ден соолукка пайдалуу;
24. Кимде-ким 1 литр айрандын сары суусун кечинде 10-15 күндө бир жолу ичип, ашказанын жууса, кан басымы, кант диабети, геморрой, ашказан оорусу сыяктуу оорулардан кутулат;
25. Жашылчаларды көп пайдалануу өмүрдү узартат.
26. Көк чайды дайыма ичкен жана сары сабиз жеген адам өсмө (рак) оорусуна чалдыкпайт;
27. Спорттун эң пайдалуусу – чуркоо.