Динге кирип кеткен Гүлнур Асанова ырдап, клип чыгара береби?
Комузчу, ырчы Гүлнур Асанова өлкөдөгү саясый окуялардан улам ыр жаздырып, клип тарттырды. Чыгарма "Ойлонгун адамзат" деп аталарын, клипти жүйөөлүү себептерден улам күйөрмандарына тартуулай албай жатканын айткан ырчы буларга токтолду.
"Тарбиялык маанидеги ыр аткарсам деген оюм бар болчу. Өлкөдө саясый окуялардан кийин ал оюмду ишке ашырып, ыр жаздырып, клип дагы тарттырдым. Бирок кайсы бир себептерден улам эмгегибизди жарыялай элекмин. Буюрса, бир же эки аптадан кийин клипти көрө аласыздар. Бул ыр элди ойлондурган, адепке чакырган ырлардын бири болот.
Клипке актёр, актрисалар тартылды. Сюжетке катышкан жокмун. Мындан ары деле клипте өзүм образ жаратпайм. Бул чыгарма образымды өзгөрткөндөн кийинки биринчи эмгегим", - дейт ал.
Гүлнур Асанова быйыл жашоосунда бурулуш жасап, жоолук салынган. Ал жоолуктун чыгармачылыгына тоскоолдугу бар экенин, бирок бул кадамга ойлонуп туруп барганын билдирди. Кызык, жамынып, динге кирип кетсе да ырдай береби?..