Сыймык Бейшекеев 46 жашында жараткандан эмне сураганын жарыялады
Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев 46 жашка толуп отурат. Ырчы өздүк майрамында ата-энесине ыраазычылык билдирди:
“Асылдарым, өмүрдөгү өлчөөсүз байлыктарым менин! Жарыкчылыкты көрүүгө Жаратканымдын себеби болуп, силердей мээрман ата-энеге уул кылып берген Кудайдын марттыгына шыбагасына шүгүр дейм! Бар болуңуздар асылдарым, бүгүнкү күн үчүн, татыктуу берген тарбияңыздар, окуткан билим, дегеле балалык доордун бактылуу ирмемдери үчүн таазим сиздерге!
Кудайдан байлык, мансап сурабадым, бирок сиздердин ден соолук менен өмүрдү дамамат сурап келем, оорубаңыздар асылдарым, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, кылым жашаңыздар кутмандарым!”.
Сыймык Бейшекеев 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында туулган.