Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызсайкал Кабылова: “Атыңыз Чубак ажы деп, жашайсыз өлбөй жүрөктө”

Кызсайкал Кабылова: “Атыңыз Чубак ажы деп, жашайсыз өлбөй жүрөктө”

15-июль, 20:33
1 359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Кызсайкал Кабылова экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго арнап ыр жаздырып жатат. Бул тууралуу ырчынын продюсери Талант Сагынбаев «Марал» радиосуна билдирди.

«Чубак ажынын каза болгону кыргыз элинин эле эмес, Орто Азиянын жана дагы устаздын сабагын өз тилдерине которуп уккан чет өлкөдөгү  боордошторго оор сокку болду. Уккандан баштап эле шолоктоп, көзүбүздөн жашыбыз токтобой ыйлай бердик. Эл кыйналып турганда четте карап  турбастан, аларга дем-күч берүү максатында ыр жаратсакпы деп турганбыз. Чубак ажы каза болгондон кийин “ага арнап ыр жазбайлыбы?” деп Кызсайкал сунуштап калды. А мен дароо эле макул болуп, Ильяз Абдразаков байкебизге барып, обон жаздырдык. Ошол эле күнү, түнү менен отуруп, акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев агабызга сөзүн жаздырдык. Аранжировкага комуз күүсүн түшүрүш керек болуп, комузчу Рахат Көчөрбаевге кайрылып, кечинде клибин тартканга жетиштик. Ал эми клипти Баяман Осмонов досубуз тартып берди. Буюрса, жакын арада даяр болуп, коомчулукка алып чыгабыз. Ырдын сөзү аябай маанилүү жазылгандыктан, көпчүлүк досторубузга жагып, ыйлаган учурлары көп болду. Ырдын кайырмасында:

«Тирүүлүк деген күрөштө,

Шам болуп күйгөн үммөткө.

Атыңыз Чубак ажы деп,

Жашайсыз өлбөй жүрөктө» деген жакшы сөздөр жазылган. Ал эми ырдын соңку саптарында:

«Элиңиз сыздап таба албайт,

Эми ким динди баяндайт?

Сан кылым чубап өтсө да,

Сендей жан кайра жаралбайт» деп Чубак ажы Жалиловду жоктоп жазылган» деп билдирди.

Эске салсак, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлда оорудан улам каза тапкан. Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылына коюлду.


Mарал»

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер