Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтурган Темирова: “Өзүм алыста болсом дагы элим менен кошо ыйлап жатам”

Айтурган Темирова: “Өзүм алыста болсом дагы элим менен кошо ыйлап жатам”

14-июль, 11:29
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу элим!
Учурда өлкөбүз абдан оор мезгилди баштан өткөрүп жатат. Тилекке каршы, таажы вирусу Кыргызстанды кыйгап өтпөй, элибиздин башына апаат күндөрдү алып келди. Тилекке каршы, бул илдетке чалдыгып, ондогон мекендештерибиз дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жакындарын жоготкондордун аза-кайгысын тең бөлүшөм. Учурда илдет менен күрөшүп жаткандарга ден соолук каалайм, батыраак сакайып, чың күндөргө кайтып келиңиздер. Менин да жакындарым бул илдет менен ооруп жатышат. Алар менен күнү-түнү байланышып, Кудайдан бул күндөрдөн аман чыгышыбызды тилеп жатам.
Өз өмүрүн тобокелге салып, кызыл зонада иштеп жаткан эр жүрөк дарыгерлерге таазим этем. Азыркы күндөгү сиздердин мекен үчүн кылып жаткан эмгегиңиздер ат көтөргүс. Сиздерге чын дилден ыраазычылык билдирем!
Өзүм алыста болсом да жүрөгүм Кыргызстанда. Мекенимдеги кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды мүнөт сайын окуп турам. Элим менен кошо ыйлап, кошо кубанып жашап жатам.
Мени эң кубантканы – бул кыргызстандыктардын биримдиги. Башыбызга каран күн түшкөндө эч ким четте калбай, бири-бирине кол кабыш кылышып, өз өмүрүн тобокелге салып, жардамдашып жаткан күчтүү жарандык коом бар экени мени сыймыкка бөлөдү. Пандемиянын экинчи толкуну катуу сокку урду. Мына ушул соккуга каршы биздин дарыгерлер башында турган ыктыярчылар, ишкерлер, маданият кызматкерлери, баардык кайдыгер эмес инсандар бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барып жатышат. Бул урпактарыбызга сабак боло турчу иш.
Ушундай элдин кызы экендигиме сыймыктанам! Кудайдын буйругу менен бул күндөр да өтөт. Аманчылыкта көрүшөлү.
 Кыргызстаныма тынчтык жана бакубат жашоо каалайм!” деп актриса Айтурган Темирова билдирүүсүн узаткан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер