Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Альбина Имашова: “Баарыбыз бала сагынып калыптырбыз”

Альбина Имашова: “Баарыбыз бала сагынып калыптырбыз”

05-июль, 09:47
1 960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушу тапта үйү кубанычка, бала жытына толуп турган каарманыбыз үчүнчү кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бүгүнкү күндүн көзгө басар, бычакка сап актрисасы Альбина Имашова менен байланышып, кубанычын тең бөлүштүк. 

-- Альбина айым, кызыңыз кандай чоңоюп атат?

-- Кудайга шүгүр, жакшы чоңоюп атабыз, өзүм да тыңып калдым. Атын жолдошум экөөбүз Асман деп койдук. Азыр кимге окшош экени билине элек. Сегиз жылдан бери ымыркайды сагынып калыптырбыз. Баарыбыз эле үстүнө үйрүлүп түшүп айланчыктап отурабыз. Үй наристе жыттанып, баланын жагымдуу түйшүгү абдан жагып атат. 

-- Башында “уулдуу болду” деп сүйүнчүлөп жиберишти окшойт...

-- Ооба, социалдык тармактарга “уулдуу болду” деп сүйүнчүлөнүп кеткен экен. Анткени жашым өтүп, төрөттүн аралыгы да алыс болуп калды. Жаш өйдөлөгөн сайын мурда сезбей турган ооруну сезип калат экенсиң. Төрөтүм оор болуп, кара жаным менен алышып атып, убагында Инстаграм баракчама сүйүнчүлөгөнгө жетишпей калдым. Телефонум да колумда болбой калды. Эртеси “кыздуу болдук” деп тактоо киргиздим. Жаштарга берер кеңешим: “төрөттүн аралыгын созбой, удаа-удаа төрөп, жаш кезде тыңып алгыла” дейт элем. 

-- Азыр бала чоңойгуча күтүп отура бербей иштеп кеткен заман го. Съемкага чакыруу болсо тартыла бересизби?

-- Мен өзүм деле декретте көп отурбайм. Биринчи кызымды төрөгөндө студент элем. Сессияны калтырбай чуркап жүрүп тапшыргам. Экинчи кызымды төрөгөндө көп өтпөй эле Геннадий Базаровдун киносуна тартылгам, Руслан Акундун кыскаметраждуу тасмасында иштедим. Анткени экөө тең  менин көз жарган кезимди күтүп жүргөн. Бул жолу да киного тартылууга камынып атканбыз. Июль айында съемкалар башталат. Буюрса бир аз тыңып алсам, кызым экөөбүз кино айдыңына кайрадан чыгабыз. Кыздарым баланы багышат деп ишенип атам. Кудай ден соолук берсе эле калганын калтырбай алып кеткенге аракет кылабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер