Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маркум Бекжан Темирхан эңсеген үйгө ата-энеси көчүп келди

Маркум Бекжан Темирхан эңсеген үйгө ата-энеси көчүп келди

20-декабрь, 17:26
8 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маркум ырчы Бекжан Темирхандын ата-энесине Сыймык Бейшекеев баштаган сахналаштары элдин колдоосу менен үй алып беришкен. Бекжан Темирхандын ата-энеси жаңы үйгө кечээ, 19-декабрда көчүп келишкен. Бул тууралуу журналист Шайырбек Абдырахман уулу соцтармактагы баракчасына билдирип, видеосун жарыялады. 

Анда КР эл артисти Сыймык Бейшекеев үйгө түлөө өткөрөлү деп чогулушканын билдирди. Анын айтымында, маркум ырчы көзү тирүү кезинде ушул үйдү атасы менен чогуу көрүп, сатып алууну максат кылган. Бул үйдө бардык шарттар бар. Керектүү буюмдарга чейин алынып берилген.

Эске салсак, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер