Эшенкул Барпиев, тамада: “Алдыда үч-төрт тоюм бар эле, баары токтоду”

--Эшенкул мырза, жалгыз көргөн тапканыңар тойлор эле. Тамадалар кантип атасыңар? Эмне болду?
--Мыйзамды сыйлаган адам катары үйдө отурабыз. Тамадалар деле жалпы эл менен бирге жакшылыктан үмүт үзгөнү жок. Аман-эсен апааттан чыгып алсак, ыр да, той да болот. Ал эми алдын-ала сүйлөшүлгөн тойлордун баары токтоду. Менин да 3-4 тоюм бар эле, алдыдагы жаркын күндөргө калтырганбыз. Башка келген кыйынчылык күндөр да өтөт.
--Учурда колунда жоктор тикелей жардам сурашпаса да коомчулукка кайрылуу жасагандар жок эмес...
--Түшүндүм Суке. Биз тамадалар Жылдызбек Турсунбаев, Эрнест Бөрүбаев жана Эрмек Нурбаев деген үч жаш жигитти уюштуруу иштеринин башчылары катары шайлап, бу жерде ырчы-чоорчунун бирөө да жок, Бишкектеги үч жүздүн тегерегиндеги жалаң тамадалар миң сомдон чогултуп баштап, бүтө жаздап калдык. Канча сумма болсо Бишкектин мэриясындагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев менен кеңешип, жүз миң чогула турган болсо төрт районго 25 миңден жетим-жесир, колунда жокторго бөлүп бере тургандай акцияны баштап койдук.
--Бу ишке баардык тамадалар катышып жатабы?
--Үч жүздөй тамаданын жарымынан көбү айылдарга кетип, азырынча алар менен байланыш болбой атат. Калгандары жапатырмак катышууда.
--Карантинге байланыштуу акчаны кантип чогултуп атасыздар?
--Атайын банктан эсеп ачканбыз, “Элсом” дешет экен. Бүгүн сураштырганымда негизги сумма топтолуп калыптыр.
--Мындай демилге иш чаралар мурунтан эле бар болуш керек эле?
--Өнөр адамдарынын ичинде жаманчылык-жакшылык болуп калчу. Жакындарыбыздын бири куран окутуп калса ортого акча чыгарып, оорун колдон, жеңилин жерден алып, кол-кабыш кылат элек. Бу жолу жалпы тамадалар башында мен туруп атам, кара жумушту жогоруда айтылган үч жигит аткарууда. Анткени бу үч жигиттин аркасында 20-30дай тамадалары бар. Ушуларга күч кубат берип, баштаган акциябыз ийгиликтүү жүрүп кетсе экен. Элиме болсо бакубаттуулук, бүт дүйнөнү каптаган апааттан аман-эсен чыгып алалы, тойдо жолугалы!
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg











