Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КТРКнын ишине ичи чыкпаган Байсаловдун өктөм талаптары

КТРКнын ишине ичи чыкпаган Байсаловдун өктөм талаптары

22-октябрь, 18:30
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңыдан кызмат алмаштырып, иш милдеттерин кызуу баштаган Эдил Байсалов капилеттен КТРКга башбагып, анда жетекчилик жана чыгармачыл жамаат менен жолугушканы кеп болууда. Кулагыбыз чалган маалыматтарга таянсак, Байсалов катуу талап жана сөгүш менен барган. "Кылы кыйшайбаган" Эдил мырзанын корпорациянын босогосун өктөм талаптар менен атташына тележурналист Байма Сутенованын бир сааттык программасынын прайм-таймда көрсөтүлгөнү себеп болгон имиш. Байкашыбызча, бийликтин позициясына каршы билдирүү же маалымат эфирде орун алган шекилдүү. Кыязы, андагылар жакшы эле жаздым басып алышкан окшобойбу... 

Антпесе башдеректирин чакырып алып, "заряд" берип койсо деле жарашмак беле?.. 

Кыскасы, ат тизгинин буруп келген Байсалов КТРК соңку кездерде улуттук идеологияны жайылтуу милдетин ойдогудай ишке ашырбай жатканына нааразы болуп, элге берилип жаткан маалыматтарды өтө эле супсак дептир. Өзүбүз XXI кылымда жашаганыбыз менен берүүлөр учур талабына шайкеш эмес деп, айтылган багыттарда баш көтөрбөй иштөө талабын катуу койгонун уктук. Ошондой эле Байсаловдун баамында, корпорация эл агартуу жаатында айтарлык иш алып барбай, чоркоктук көрсөтүп жаткандай.

Анан да КТРКнын ишине таптакыр ичи чыкпаган аткаминер көз айнектин ары жагынан кабагын катуусунан салып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин да кабыргасынан койгон, дүпүлдөгөн дем менен кыргыз тилиндеги берүүлөргө өзгөчө көңүл бурулушун өктөм талап кылган. Муну укканда чыны менен биздин да көңүлүбүз жылый түштү.  

Ошентип жакында эле жетекчилиги алмашкан корпорация бийлик өкүлүнүн каарына калганы жамаат үчүн жагымдуу көрүнүш эмес. Ал эми коюлган талаптар аткарылабы, КТРК укмуш иштеп, Байсаловдун жана башканын оң баасына татыйбы (?), аны биз аста секин байкап туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер