Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Актриса Калипа Таштанова Түркияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду
Актриса Калипа Таштанова Түркияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду
08-ноябрь, 17:04

Түркия мамлекетинде өткөн "Коркут Ата" кинофестивалында актриса Калипа Таштанова "Аялдын эң мыкты ролу үчүн" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу актриса өз баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык, актриса фестивалга катышкан "Үй сатылат" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган.
"Фестиваль жыл сайын болуп, кайсы тасма, кайсы актёр, актриса сыйлыкка ээ
болору белгисиз болот. Мен Түркия мамлекетине барбагандыктан сыйлыкты сахнада тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев алды. Бул мен үчүн сыймык. Аябай кубанып турам" деди актриса. Белгилей кетсек, быйыл кинофестивалдын уюштуруучулары иш-чараны "Курманжан датка" тасмасы менен ачкан.