Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Кеңешбекова: “Кыргызстан сулуусу” болуу кыялым болсо, бүгүн андан дагы чоң пландар түзүлдү”

Айпери Кеңешбекова: “Кыргызстан сулуусу” болуу кыялым болсо, бүгүн андан дагы чоң пландар түзүлдү”

26-октябрь, 09:00
482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстан сулуусу” сынагында “экинчи вице-мисс” титулуна ээ болгон айжаркын кызыбыз Айпери Кеңешбекова менен маек курдук.

-- Айпери, кайсы жердин кызы болосуң?

-- Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык деген айылда туулуп өсүп, мектепти аяктап, 2018-жылы борбор калаабызга келгем. Учурда И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин 3-курсунда окуп жатам. Менин негизги кесибим модель болгондуктан, шоу чөйрөсүнө көбүрөөк басым жасайм. Төрт жылдан бери моделдик чөйрөдөмүн, андан тышкары, психология, журналистика менен да алектенем. 2020-жылы Дива Кыргызстана наамына ээ болгом. Мага кызыккандар менин видеовизиткамдан кыскача өмүр баянымды көрө алышат.

-- Конкурска кандайча катышып калдың?

-- Окуучулук кезимен эле ушул конкурска катышуу кыялым эле, телевизор, социалдык тармактардан карап, аябай кызыкчумун. 2020-жылы “Дива Кыргызстанага” аттансам, эки жылдын ичинде дагы тажрыйба топтоп, бүгүн “экинчи вице-мисс Кыргызстан” наамына ээ болуп отурам.

-- Жашоодо эмнеден мотивация аласың?

-- Мен үчүн ар бир таң мотивация. “Бүгүнкү күндү көрүүгө Аллахым буюруптур, анда мен эмнеге жөн отурушум керек?” деп өмүр сүрөм.

-- Конкурста атаандаштар болдубу? Кыздар тууралуу пикириң?

-- Чынын айтсам, атаандашым деле болгон жок. Баардык катышуучу кыздар менен жакшы мамиледе болдук, алар менин аракетимди көрүп, өздөрү колдоп жатышты. Конкурсту уюштуруп, өткөрүү – бул чоң эрдик. Бул конкурсту Рыскүл Намазбекова өткөрбөсө, биз минтип чоң сахнага чыгып турбайт элек. Ошон үчүн баардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем!

-- Келечектеги Айперини кандай элестетесиң?

-- Негизи мен максат, тилектеримди ата-энем менен дагы бөлүшпөй, качан гана ишке ашырып, ийгиликке жеткен кезде гана билдирген адаммын. Пландар аябай көп, себеби, кечээ “Кыргызстан сулуусу” болуу кыялым болсо, бүгүн андан дагы чоң пландар түзүлдү... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер